Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жана жарандык коргонуу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун долбоорун жактыруу жөнүндө} Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 12-сентябры № 459-б
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын
Өкмөтүнүн ортосундагы Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жана
жарандык коргонуу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун долбоору
жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрине жогоруда
аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана то-
луктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аты-
нан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министри И.Чудинов
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан
Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өзгөчө
кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жана жарандык
коргонуу жаатында кызматташуу жөнүндө
МАКУЛДАШУУ
Мындан ары Тараптар деп аталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ме-
нен Казакстан Республикасынын Өкмөтү,
эки элдин ортосунда салтка айланган достук мамилени чыњдоого умту-
луп,
1997-жылдын 10-январындагы Казакстан Республикасынын, Кыргыз Рес-
публикасынын жана Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Түбөлүк достук
жөнүндө келишимдин жана 1997-жылдын 8-апрелиндеги Кыргыз Республикасы
менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Түбөлүк достук жөнүндө ке-
лишимдин максаттарын жана принциптерин жетекчиликке алып,
жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу жаа-
тында кызматташуу Тараптардын мамлекеттеринин жыргалчылыгына жана улут-
тук коопсуздугуна көмөктөшөт деп эсептеп,
Тараптардын мамлекеттери үчүн өзгөчө кырдаалдар алып келе турган
коркунучту ањдап,
Тараптардын мамлекеттер үчүн жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдар-
дын алдын алуу жана жоюу жаатында илимий-техникалык маалыматтарды алма-
шуунун пайдасын эске алып,
бир гана Тараптын күчү жана каражаты менен жоюу мүмкүн болбогон
өзгөчө кырдаалдардын болуу ыктымалдыгын жана андан улам өзгөчө кырдаал-
дардын алдын алуу жана жоюу максатында эки өлкөнүн тењ координациялан-
ган иш аракеттерине муктаждык жараларын эске алып,
Бириккен Улуттар Уюмунун, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу
боюнча башка эл аралык уюмдардын ролун эске алып,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене. Бул Макулдашууда пайдаланылган терминдер
Бул Макулдашууда пайдаланылган терминдер төмөнкүдөй мааниге ээ:
сурап жаткан Тарап - экинчи Тарапка жардам көрсөтүү, жабдуу жана
материалдар менен камсыз кылуу боюнча топторду жөнөтүү тууралуу өтүнүч
менен кайрылган Тарап;
берүүчү Тарап - жардам көрсөтүү боюнча адистердин тобун жөнөтүү,
жабдуу жана материалдар менен камсыз кылуу тууралуу экинчи Тараптын
өтүнүчүн канааттандырган Тарап;
ыйгарым укуктуу орган - бул Макулдашууну ишке ашырууга байланышкан
иштерди жетектөөгө жана аларды координациялоо үчүн Тараптардын ар бири
тарабынан дайындалуучу орган;
жардам көрсөтүү боюнча топ - жардам көрсөтүү үчүн арналган сурап
жаткан Тарапка жөнөтүү үчүн атайын түзүлгөн адистердин тобу (анын ичин-
де аскердик персонал);
өзгөчө кырдаалдар - адамдардын өлүмүнө дуушарланышы мүмкүн болгон
же дуушарланткан, адамдардын ден соолугуна же курчап турган чөйрөгө зы-
ян келтире турган, олуттуу материалдык жоготууларга жана адамдардын
турмуш шарттарынын бузулушуна алып келе турган же алып келген кырсык-
тын, коркунучтуу табигый кубулуштун, катастрофанын, табигый же башка
кырсыктардын натыйжасында түзүлгөн белгилүү бир аймактагы кырдаал;
өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу - өзгөчө кырдаалдар жаралуу тобо-
келин мүмкүн болушунча азайтууга, ошондой эле адамдардын ден соолугун
сактоого, айлана чөйрөгө келчү зыянды жана материалдык жоготууларды
азайтууга багытталган иш-чаралардын комплекси;
өзгөчө кырдаалдарды жоюу - өзгөчө кырдаалдар жаралганда жүргүзү-
лүүчү жана адамдардын өмүрүн жана ден-соолугун сактоого, айлана чөйрөгө
келчү зыяндын жана материалдык жоготуулардын көлөмүн азайтууга, ошондой
эле өзгөчө кырдаалдар аймактарын чектөөгө, ага мүнөздү болгон фактор-
лордун таасирин токтотууга багытталган кырсыктан-сактоочу жана башка
кечиктирилгис иштер;
өзгөчө кырдаалдар зонасы - өзгөчө кырдаалдар түзүлгөн аймак;
кырсыктан-сактоо иштери - адамдарды, материалдык жана маданий баа-
луулуктарды сактоо, өзгөчө кырдаалдар аймагындагы курчап турган чөйрөнү
коргоо, өзгөчө кырдаалдарды локалдаштыруу жана ага мүнөздүү болгон кор-
кунучтуу факторлорду жок кылуу жана минималдык дењгээлге жеткирүү боюн-
ча иш-аракеттер;
жабдуу - жардам көрсөтүүчү адистердин тобунун материалдары, техни-
калык жана транспорттук каражаттары, шаймандары жана жеке жабдыктары;
камсыз кылуу материалдары - өзгөчө кырдаалдардын натыйжасында жапа
чеккен калк арасында акысыз бөлүштүрүү үчүн багышталган материалдык ка-
ражаттар.
2-берене. Ыйгарым укуктуу органдар
Тараптар бул Макулдашууну ишке ашыруу үчүн ыйгарым укуктуу орган-
дарды дайындашат:
Кыргыз Тараптан - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар минист-
рлиги;
Казакстан Тараптан - Казакстан Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар
министрлиги.
Тараптар ыйгарым укуктуу органдарынын аталышындагы өзгөрүүлөр жө-
нүндө жана алардын функцияларын башка органдарга өткөрүп бергендиги жө-
нүндө бири бирине дипломатиялык каналдар аркылуу токтоосуз кабарлашат.
3-берене. Кызматташуунун формалары
Бул Макулдашууга ылайык иш Тараптардын мамлекеттеринин улуттук
мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат жана тараптардын ар биринде зарыл
болгон каражаттардын болушу менен шартталат. Бул Макулдашуунун алкагын-
да кызматташуу төмөнкүлөрдү карайт:
кооптуу техногендик жана экологиялык процесстерге, табигый кубу-
луштарга мониторинг уюштуруу жана өткөрүү;
коркунуч туулганда жана өзгөчө кырдаалдар түзүлгөндө потенциалдуу
кооптуу объектилердин жана өзгөчө кырдаалдардын абалы, алардын өнүгүшү
жана мүмкүн болуучу кесепеттери, аларды жок кылуу боюнча көрүлүп жаткан
чаралар жөнүндө өз ара кабарлоо;
табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарга мониторинг
жана божомолдоо тууралуу маалыматтарды такай алмашуу;
калкты өзгөчө кырдаалдардагы иш-аракетке даярдоону уюштуруу, анын
ичинде биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча тажрыйба алмашуу;
өзгөчө кырдаалдарды жок кылууда тийиштүү мамлекеттик органдардын
ишин уюштуруу жана координациялоо;
өндүрүштүк кырсыктардын, катастрофалардын жана табигый кырсыктар-
дын натыйжасында боло турган булганууларга байланыштуу курчап турган
чөйрө жана калк үчүн опурталды баалоо;
чектеш суулардагы болушу ыктымалдуу табигый кырсыктар жөнүндө ык-
чам кабарлоо жана алдын алуу;
табигый кырсыктардын алдын алуу жана жоюу;
биргеликте илимий-техникалык долбоорлорду пландоо, иштеп чыгуу жа-
на ишке ашыруу, илимий-техникалык адабияттарды жана илимий иштердин жы-
йынтыктарын алмашуу;
маалыматтарды, мезгилдүү басылмаларды, методикалык жана башка ада-
бияттарды, видео жана фото материалдарды, ошондой эле технологияларды
алмашуу;
биргелешкен конференцияларды, семинарларды, жумушчу кењешмелерди,
окууларды жана машыгууларды уюштуруу;
биргелешкен публикацияларды жана докладдарды даярдоо;
экинчи Тараптын мамлекетинин окуу жайларында адистерди даярдоо,
стажерлерду, окутуучуларды, окумуштууларды жана адистерди алмашуу;
ыйгарым укуктуу органдар ортосунда өз ара иштешүүнү камсыз кылуу;
жардам көрсөтүү боюнча адистердин тобун жабдууда өз ара жардам
көрсөтүү;
өзгөчө кырдаалдарды жоюуда өз ара жардам көрсөтүү;
өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатында башка иштер, ал
ыйгарым укуктуу органдар менен макулдашылат.
4-берене. Уюмдар жана мекемелер ортосунда кызматташуу
Тараптар жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана
жоюу жаатында иш жүргүзүүчү мамлекеттик органдардын, башка уюмдардын,
Тараптардын мамлекеттеринин жеке жактарынын ортосундагы кызматташууга
көмөктөшөт.
5-берене. Биргелешкен комиссия
Бул Макулдашуунун жоболорун аткаруу боюнча иш-чараларды аткаруу
үчүн ыйгарым укуктуу органдар жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдардын
алдын алуу жана жоюу жаатында кызматташуу боюнча биргелешкен комиссияны
уюштурат, анын курамын, иш милдетин жана иш тартибин аныктайт.
6-берене. Негиз түзүүчү шарттар жана өкүлдөрдү кабыл алуу
Тараптар кооптуу өндүрүш объектилеринин ишинин бардык этаптарына
кооптуу өндүрүш объектилеринде колдонулуучу техникалык түзүлүштөрдү да-
ярдоого, куроого, жөндөөгө, тейлөөгө жана оњдоого, ошондой эле өндүрүш-
түк коопсуздукту экспертизалоого карата өндүрүштүк коопсуздук талапта-
рын коюу аркылуу кооптуу өндүрүштүк объектилерде өндүрүштүк коопсуздук-
ту камсыз кылуу жаатында макулдашылган иштерди жүзөгө ашырышат.
Тараптар эгерде берүүчү Тарап алардын жашырындыгын белгилесе, бул
Макулдашуунун алкагында жүргүзүлгөн иштер, жетишилген илимий-техникалык
натыйжалар жөнүндө маалыматтардын жана алынган документтердин жашырын-
дыгын камсыздашат.
Берүүчү Тарап бул Макулдашууда каралган жана өзгөчө кырдаалдарды
жоюуга жардам көрсөтүү менен түздөн түз байланышпаган ишке катышканда
өз өкүлдөрүнүн жол киреси, жашоосу жана тамактануусу анын ичинде бирге-
лешкен семинарлар, конференциялар, жумушчу кењешмелер, окуулар жана ма-
шыгуулар, ошондой эле жөнөтүүчү Тараптын өкүлдөрүнүн кабыл алган Тарап-
тын аймагында жүрүшү боюнча чыгымдарды өз мойнуна алат.
7-берене. Жардам көрсөтүү
Жардам сурамдын негизинде көрсөтүлөт, анда сурап жаткан Тарап өз-
гөчө кырдаалдардын мүнөзү жөнүндө маалымат берип, зарыл болгон жардам-
дын түрүн жана көлөмүн көрсөтөт.
Берүүчү Тарап кыска мөөнөттүн аралыгында сурамды карап чыгып, су-
рап жаткан Тарапты жардам көрсөтүүгө боло тургандыгы, көлөмү жана шарт-
тары жөнүндө кабардар кылат.
Жардам көрсөтүүчү топторду жетектөө сурап жаткан Тараптын ыйгарым
укуктуу органы тарабынан бул топтордун жетекчилери аркылуу ишке ашыры-
лат.
8-берене. Жардамдын түрлөрү
Өзгөчө кырдаалдардагы жардам жардам көрсөтүү, жабдууларды, камсыз
кылуу материалдарын берүү же болбосо башкача суралган форма боюнча топ-
торду жөнөтүү аркылуу көрсөтүлөт.
Жардам көрсөтүүчү топтор өзгөчө кырдаалдар аймагында авария-
лык-сактоо иштерин аткарат.
Сурап жаткан Тарап берүүчү Тараптын жардам көрсөтүүчү топторунун
жетекчилерин өзгөчө кырдаалдар аймагында жана конкреттүү иш участогунда
түзүлгөн кырдаал тууралуу кабардар кылат, зарылчылыкка жараша ал топ-
торду котормочулар жана байланыш каражаттары менен камсыз кылат, ошон-
дой эле коопсуздук, акысыз медициналык тейлөө менен камсыз кылат, алар-
дын ишин координациялайт.
Жардам көрсөтүү боюнча топтун жабдуусу өзгөчө кырдаалдар зонасында
72 саат бою автономдуу иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн жетиштүү болууга
тийиш. Жабдуунун запастары түгөнгөндөн кийин сурап жаткан Тарап аталган
топторду керектүү каражаттар менен камсыз кылат.
9-берене. Жардам көрсөтүүчү топтордун мамлекеттик чек аралардан
өтүшүнүн шарттары жана алардын сурап жаткан Тараптын
мамлекетинин аймагында жүрүшүнүн тартиби
Жардам көрсөтүүчү топтун мүчөлөрү сурап жаткан Тараптын мамлекет-
тик чегарасынан инсандыгын тастыктаган документтер боюнча эл аралык
байланыш үчүн ачык өткөрмө пункттар аркылуу өтүшөт. Топтун жетекчисинде
жардам көрсөтүүчү топтун мүчөлөрүнүн тизмеси жана берүүчү Тараптын ый-
гарым укуктуу органы тарабынан берилген анын ыйгарым укугун тастыктаган
документ болушу керек.
Жардам көрсөтүүчү топтун мүчөлөрү сурап жаткан Тараптын мамлекети-
нин аймагында болгон убакта ошол мамлекеттин мыйзамдарын сактоого мил-
деттүү. Мында алар эмгектик мыйзамдар жаатында жана аны менен байланыш-
кан маселелерде берүүчү Тараптын мамлекетинин юрисдикциясында турат.
Жардам көрсөтүүчү топтун курамына кирген аскер кызматкерлерине берүүчү
Тараптын мамлекетинин мыйзамдарынын аскер кызматкеринин статусун эмгек-
тик укуктук мамилелер жана социалдык-экономикалык кепилдиктерин жөнгө
салуучу бөлүгү колдонулат.
Жардам көрсөтүп жаткан топтун каттамы, алардын жабдууларын жана
камсыз кылуу материалдарын ташуу автомобиль, темир жол, суу же аба
транспорту аркылуу жүзөгө ашырылат.
Жардам көрсөтүү үчүн көрсөтүлгөн транспорттун түрлөрүн пайдалануу-
нун тартиби тийиштүү мамлекеттик органдар менен макулдашуу боюнча ыйга-
рым укуктуу органдар тарабынан аныкталат.
10-берене. Өзгөчө кырдаалдарды жоюуда жардам көрсөтүү үчүн
жабдууларды жана камсыз кылуу материалдарын ташып келүү
жана ташып чыгаруу
Өзгөчө кырдаалдарды жоюуда жардам көрсөтүү үчүн берилип жаткан
мамлекеттин аймагынан ташылып келинчү жана сурап жаткан Тараптын мамле-
кеттин аймагынан киргизилчү жабдуулар жана камсыз кылуу материалдары
бажылык алымдардан, жыйымдардан жана салыктардан бошотулат.
Жабдууларды жана камсыз кылуу материалдарын бажылык тариздөө ыйга-
рым укуктуу органдар тарабынан берилүүчү билдирүүлөрдүн негизинде ар-
тыкчылыктуу тартипте жүргүзүлөт, анда жардам көрсөтүүчү топтун курамы,
ташылып келинчү же чыгарылчу жабдуулардын жана камсыз кылуу материалда-
рынын тизмеси көрсөтүлөт.
Жардам көрсөтүүчү топторго жабдуулардан жана камсыз кылуу матери-
алдарынан башка кандайдыр бир товарларды ташууга тыюу салынат.
Жардам көрсөтүү боюнча иштер бүткөндөн кийин ташылып келинген жаб-
дуулар сурап жаткан Тараптын мамлекетинин аймагынан чыгарылууга тийиш.
Эгерде кандайдыр бир жагдайларга байланыштуу жабдууларды чыгарууга мүм-
күнчүлүк болбосо ал сураган Тараптын ыйгарым укуктуу органына жардам
иретинде, макулдашылган шарттарда акысыз берилет. Мындай учурда бери-
лүүчү жабдуунун түрүн, санын жана жайгашкан ордун көрсөтүп, сураган Та-
раптын компетенттүү органын кабарлоо керек.
Жапа чеккендерге медициналык тез жардам көрсөтүү зарыл болгондо
сураган Тараптын мамлекетинин аймагына наркотик каражаттарды, психот-
роптук заттарды жана прекурсорлорду камтыган дары каражаттарынын зарыл
болгон саны ташылып келиши мүмкүн. Мындай учурларда жардам көрсөтүүчү
топтун жетекчиси жардам көрсөтүүчү жана сураган Тараптын бажы органда-
рына алардын номенклатурасын жана санын көрсөтүп бањгизат каражаттарын,
психотроптук заттарды жана прекурсорлорду камтыган дары каражаттарынын
бар экени жөнүндө декларацияны көрсөтөт.
Көрсөтүлгөн медициналык дары-дармектер сураган Тарапка берилбейт
жана ошол Тараптын өкүлдөрүнүн көзөмөлү астында квалификациялуу медици-
налык кызматкерлер тарабынан гана колдонулат.
Наркотик каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду
камтыган пайдаланылбаган дары-дармек каражаттар ал дары-дармек каражат-
тарынын номенклатурасын жана санын тастыктаган документтердин негизинде
сураган Тараптын бажылык көзөмөлү астында чыгарылууга тийиш. Наркотик
каражаттарды, психспроптук заттарды жана прекурсорлорду камтыган чыгым-
далган дары каражаттар боюнча сураган Тараптын бажы органдарына жардам
көрсөтүүчү топтун жетекчиси жана врачы тарабынан кол коюлган жана сура-
ган Тараптын компетенттүү органынын өкүлдөрү тарабынан күбөлөндүрүлгөн
алардын пайдаланылышы тууралуу акт көрсөтүлөт.
11-берене. Аба кемелерин пайдалануу
Берүүчү Тараптын ыйгарым укуктуу органы сураган Тарашын ыйгарым
укуктуу органына жардам көрсөтүү үчүн аба кемелерди пайдалануу чечими
жөнүндө алардын түрүн жана таануу белгилерин, каттамын, экипажынын мү-
чөлөрүнүн санын, жүгүнүн мүнөзүн учуу жана конуу ордун жана убактысын
көрсөтүү менен билдирет.
Сураган Тарап өз мамлекетинин аймагында белгилүү бир пунктта учуу-
га уруксат берет.
Бир мамлекеттин аймагынан башка мамлекеттин аймагындагы өзгөчө
кырдаалдар районуна аба кемеси менен тез жардам көрсөтүү жана күчтөрдү
жана каражаттарды ыкчам жеткирүү максатында ыйгарым укуктуу органдар
Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте
аба кемелерин пайдалануу мүмкүнчүлүгү жана өзгөчө кырдаалдарды жоюуда
аба кемелери менен чек арадан өтүү жол жобосун жөнөкөйлөтүү маселелери
боюнча ар бир өлкөнүн мамлекеттик органдарынын (чек ара, бажы, фитоса-
нитария, карантин кызматтары) өкүлдөрүнүн өз ара иштешүүлөрүнүн меха-
низми жөнүндө кошумча нускаманы иштеп чыгышат жана белгиленген тартипте
макулдашышат.
Учуулар Эл аралык жарандык авиация уюму жана Тараптардын мамлекет-
тери белгилеген эрежелерге ылайык жүзөгө ашырылат.
12-берене. Чыгымдардын ордун толтуруу
Эгерде Тараптар башкача макулдашпаса, сураган Тарап берүүчү Тарап-
тын жардам көрсөтүүгө байланышкан чыгымдарын төлөп берет.
Сураган Тарап ага жардам көрсөтүү жөнүндө өтүнүчүн каалаган убакта
жокко чыгара алат. Мындай учурда берүүчү Тарап тарткан чыгымдарынын ор-
дун алууга укуктуу.
Эгерде Тараптар башкача макулдашпаса, чыгымдардын ордун толтуруу
берүүчү Тараптын ал тууралуу талабы түшкөндөн кийин токтоосуз ишке ашы-
рылат.
Берүүчү Тарап жардам көрсөтүүчү топтун мүчөлөрүнүн камсыздандыры-
лышын камсыз кылат. Камсыздандырууну тариздөө боюнча чыгымдар жардам
көрсөтүү боюнча жалпы чыгымдарга кошулат.
Берүүчү Тарап аэродромго учуу, конуу, токтоо жана андан учуп чыгуу
акысынан, ошондой эле аэронавигациялык кызматтар үчүн акыдан бошотулат.
Берүүчү Тараптын аба кемелеринин отуну жана техникалык тейлөөсү
үчүн чыгымдардын ордун толтуруу маселеси ар бир конкреттүү учурда өзүн-
чө чечилет.
13-берене. Зыяндын ордун толтуруу
Сураган Тарап берүүчү Тарапка адамдар өлүмгө учураган же мертин-
ген, жабыркаган же менчиги жок кылынган, мамлекеттин аймагында курчап
турган чөйрөгө зыян келтирилген учурларда күнөө койбойт. Сураган Тарап
адамдар каза болгон же мертинген, ошондой эле бул Макулдашууну ишке
ашырууга байланышкан милдеттерди аткаруунун жүрүшүндө берүүчү Тараптын
жабдуулары жана башка менчиги талкаланса же зыянга учураса берүүчү Та-
рапка компенсация төлөп берет. Компенсациянын өлчөмдөрү ар бир конкрет-
түү учурларда өзүнчө сүйлөшүлөт.
Эгерде берүүчү Тараптын жардам көрсөтүүчү тобунун мүчөсү бул Ма-
кулдашууну ишке ашырууга байланыштуу милдеттерди аткарып жатканда сура-
ган Тараптын мамлекетинин аймагында юридикалык же жеке жакка зыян кел-
тирсе, анда сураган Тарап өз мамлекетинин мыйзамдарына ылайык зыяндын
ордун толтурат.
Жардам көрсөтүүчү топтун мүчөсү тарабынан атайлап же одоно шалаа-
кылыгынан келтирилген зыяндын орду берүүчү Тарап жактан төлөнөт.
14-берене. Маалыматтарды пайдалануу
Эгерде ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жазуу жүзүндө башкача
макулдашылбаса, Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык ачыкка
чыгарууга жатпаган маалыматтардан сырткары бул Макулдашуунун алкагында
жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында алынган маалыматты ар бир Тарап адат-
тагы практикада басылып чыгарат жана пайдаланат.
15-берене. Талаштарды чечүү
Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөө жана (же) колдонуу боюнча та-
лаштар жана пикир келишпестиктер Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары-
нын ортосунда сүйлөшүүлөрдү жана консультацияларды жүргүзүү аркылуу че-
чилет.
16-берене. Корутунду жоболор
Бул макулдашуу Тараптар анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички
мамлекеттик жол жоболор аткарылгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө акыркы
билдирүүнү алышкан күндөн тартып күчүнө кирет.
Бул Макулдашуу Тараптардын бири бул Макулдашуунун иш-аракетин ток-
тотуу ниети жөнүндө экинчи Тараптан жазуу жүзүндө билдирме алган күндөн
тартып алты ай өткөнгө чейин күчүндө калат.
Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча бул Макулдашууга өзгөртүү-
лөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар бул Макулдашуунун ажыра-
гыс бөлүгү болуп эсептелген өзүнчө протоколдор менен таризделет.
Бул Макулдашуунун колдонулушунун аякташы, эгерде Тараптар башкалар
жөнүндө макулдашкан эмес болсо, анын колдонулушу бүткөнгө чейин баштал-
ган, бирок бүтө элек, ага ылайык жүргүзүлүп жаткан иштерге таасирин
тийгизбейт.
200__жылы _____________ шаарында эки нускада ар бири кыргыз, казак
жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык текст бирдей күчкө ээ. Бул
Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер болсо орус ти-
линдеги текст колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасынын
Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон