# Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-июлундагы №365 ("2008-жылы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу үчүн арналган акча каражаттарын тиркелген бөлүштүрүү жөнүндө") Буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-июлундагы №365 ("2008-жылы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу үчүн арналган акча каражаттарын тиркелген бөлүштүрүү жөнүндө") Буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 365
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19128>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-4393/edition/299199/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19128.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-июлундагы №365 ("2008-жылы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу үчүн арналган акча каражаттарын тиркелген бөлүштүрүү жөнүндө") Буйругу (17.07.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19128

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 17-июлу № 365-б

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ

"Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Кыргыз Республикасынын 2008-жыл-

га республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын атка-

руу боюнча уюштуруу чаралары тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2008-жылдын 16-майындагы № 228 токтомуна ылайык:

1. 2008-жылы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу үчүн арнал-

ган акча каражаттарын тиркелген бөлүштүрүү бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги: облустук

мамлекеттик администрациялардын, Бишкек, Ош шаарларынын мэрияларынын,

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттарынын сунуштарын,

өтмө объекттердин курулушунун тезирээк бүткөрүлүшүн эске алуу менен

өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу үчүн которулуучу каражаттар-

дын эсебинен жүргүзүлүүчү алдын алуу жана калыбына келтирүү планын иш-

теп чыксын жана бекитсин.

- квартал сайын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине атал-

ган максаттарга бөлүнгөн каражаттардын чыгымдалышы жөнүндө маалымат бе-

рип турсун.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги чыгымдардын бекитил-

ген сметасынын чегинде Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар минист-

рлигин жана анын подразделениелерин толук көлөмдө өз учурунда каржылоо-

ну камсыз кылсын.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар

бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2008-жылдын 17-июлундагы

№ 365-б буйругу менен

бекитилген

2008-жылы өзгөчө кырдаалдардын алдын

алууга жана жоюуга келип түшкөн

КАРАЖАТТАРДЫ БӨЛҮШТҮРҮҮ

| № | Чыгымдардын аталышы | мињ сом |
| --- | --- | --- |
| 1. | Өтмө жана жањы башталуучу объектилерди каржылоо | 177060,5 |
| 2. | Подряддык уюмдарга өтүүчү карыздарды жоюу | 13031,0 |
| 3. | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар | 6505,0 |
|  | министрлигинин Өзгөчө кырдаалдардын мониторинги, |  |
|  | болжолдоо жана калдык сактоочу жайлар менен иштөө |  |
|  | департаментин каржылоо |  |
| 4. | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар | 78933,9 |
|  | министрлигинин борбордук аппаратынын ишин каржылоо |  |
| 5. | Табигый катаклизмдерден жана техногендик | 116982,4 |
|  | катастрофалардан сактоо жумуштарын жүргүзүү үчүн |  |
|  | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар |  |
|  | министрлигинин региондор аралык башкармалыктарын |  |
|  | каржылоо |  |
| 6. | Күтүлбөгөн чыгымдар | 58 882,4 |
|  | анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өзгөчө |  |
|  | кырдаалдар министрлигине караштуу Авиация | 3000,0 |
|  | департаменти МИни каржылоо |  |
|  | Бардыгы | 451395,2 |
