Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын («2008-жылы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу үчүн арналган акча каражаттарын тиркелген бөлүштүрүү жөнүндө») Буйругу
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 17-июлу № 365-б
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
"Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Кыргыз Республикасынын 2008-жыл-
га республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын атка-
руу боюнча уюштуруу чаралары тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 16-майындагы № 228 токтомуна ылайык:
1. 2008-жылы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу үчүн арнал-
ган акча каражаттарын тиркелген бөлүштүрүү бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги: облустук
мамлекеттик администрациялардын, Бишкек, Ош шаарларынын мэрияларынын,
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттарынын сунуштарын,
өтмө объекттердин курулушунун тезирээк бүткөрүлүшүн эске алуу менен
өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу үчүн которулуучу каражаттар-
дын эсебинен жүргүзүлүүчү алдын алуу жана калыбына келтирүү планын иш-
теп чыксын жана бекитсин.
- квартал сайын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине атал-
ган максаттарга бөлүнгөн каражаттардын чыгымдалышы жөнүндө маалымат бе-
рип турсун.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги чыгымдардын бекитил-
ген сметасынын чегинде Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар минист-
рлигин жана анын подразделениелерин толук көлөмдө өз учурунда каржылоо-
ну камсыз кылсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар
бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 17-июлундагы
№ 365-б буйругу менен
бекитилген
2008-жылы өзгөчө кырдаалдардын алдын
алууга жана жоюуга келип түшкөн
КАРАЖАТТАРДЫ БӨЛҮШТҮРҮҮ
| № | Чыгымдардын аталышы | мињ сом |
| 1. | Өтмө жана жањы башталуучу объектилерди каржылоо | 177060,5 |
| 2. | Подряддык уюмдарга өтүүчү карыздарды жоюу | 13031,0 |
| 3. | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар | 6505,0 |
| министрлигинин Өзгөчө кырдаалдардын мониторинги, | ||
| болжолдоо жана калдык сактоочу жайлар менен иштөө | ||
| департаментин каржылоо | ||
| 4. | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар | 78933,9 |
| министрлигинин борбордук аппаратынын ишин каржылоо | ||
| 5. | Табигый катаклизмдерден жана техногендик | 116982,4 |
| катастрофалардан сактоо жумуштарын жүргүзүү үчүн | ||
| Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар | ||
| министрлигинин региондор аралык башкармалыктарын | ||
| каржылоо | ||
| 6. | Күтүлбөгөн чыгымдар | 58 882,4 |
| анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өзгөчө | ||
| кырдаалдар министрлигине караштуу Авиация | 3000,0 | |
| департаменти МИни каржылоо | ||
| Бардыгы | 451395,2 |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндөЗакон · 17.03.2008 · № 23
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-майындагы №228 "Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу боюнча…Постановление · 16.05.2008 · № 228 · Күчүн жоготкон