# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-октябрындагы №565 "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Түркия Республикаcынын Башкы штабынын ортосунда Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү үчүн материалдык-техникалык жардам берүү жөнүндө"буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-октябрындагы №565 "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Түркия Республикаcынын Башкы штабынын ортосунда Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү үчүн материалдык-техникалык жардам берүү жөнүндө"буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 565-р
- Кабыл алынган күнү: 29.10.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19122>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-4387/edition/299194/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19122.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-октябрындагы №565 "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Түркия Республикаcынын Башкы штабынын ортосунда Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү үчүн материалдык-техникалык жардам берүү жөнүндө"буйругу (29.10.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19122

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 29-октябры № 565-б

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Түркия Республика-

сынын Башкы штабынын ортосунда Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү

үчүн материалдык-техникалык жардам берүү жөнүндө протоколдун тиркелген

долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү жана

толуктоолорду киргизүүнү эске алуу менен макулдук берилсин.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов

Долбоор

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен

Түркия Республикасынын Башкы штабынын ортосунда

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү үчүн

материалдык-техникалык жардам берүү жөнүндө

ПРОТОКОЛ

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жана Түркия Республика-

сынын Башкы штабы (мындан ары Тараптар деп аталуучу) Кыргыз Республика-

сынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы кайта-

рымсыз аскердик жардам жөнүндө 2008-жылдын 9-июлундагы макулдашууну иш-

ке ашыруу максатында төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты.

1-берене. Максаты

Бул Протоколдун максаты Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия

Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы кайтарымсыз аскердик жардам

жөнүндө 2008-жылдын 9-июлундагы макулдашуунун алкагында 2008-жылга оо-

рук жардамдын долбоорлорун аныктоо болуп эсептелет.

2-берене. Ыйгарым укуктуу органдар

Бул Протоколду аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу органдар ушул Прото-

колдун 3-беренесинин 2-пунктунда көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын

мамлекеттик органдары жана Түркия Республикасынын Башкы штабы болуп

эсептелет.

3-берене. 2008-жылга ооруктук жардам долбоорлору

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын

Өкмөтүнүн ортосунда кайтарымсыз аскердик жардам жөнүндө 2008-жылдын

9-июлундагы макулдашууга ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ор-

гандарына АКШ доллары эквивалентиндеги 1211250 (бир миллион эки жүз он

бир мињ эки жүз элүү) жањы түрк лири өлчөмүндөгү аскердик-техникалык

жардам көрсөтүү пландаштырылат.

2. Бул сумманын алкагында төмөнкү долбоорлор боюнча аскердик-тех-

никалык жардам көрсөтүлөт:

а) Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги үчүн мүлк сатып алуу;

б) Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын отрядын жабдуу;

в) Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын чек ара заставасын

жабдуу;

г) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички аскерлери

үчүн мүлк сатып алуу.

4-берене. Жалпы принциптер

1. Ушул Протоколдун 3-беренесинде көрсөтүлгөн долбоорлорду ишке

ашыруу үчүн сатып алынуучу мүлктүн жана жабдуулардын түрү жана саны Та-

раптар тарабынан бирге аныкталат.

2. Бөлүкчөлөрдүн күжүрмөндүүлүгүнө түздөн-түз тийиштүү болгон жаб-

дуулар (автомобилдик техникалар, байланыш каражаттар ж.б.) Түркия Рес-

публикасынын Башкы штабы тарабынан Түркияда сатып алынат.

3. Өтө зарыл учурлардан тышкары, кыргыз Тарапка берилүүчү бул акча

каражаттар курулуш жана ремонт, ошондой эле биринчи зарылчылыктагы

предметтерин сатып алуу үчүн колдонулбайт. Мында ушул пункттун жоболо-

рун сактоо жоопкерчилиги ушул Протоколдун 3-беренесинин 2-пунктунда

көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жүктөлөт.

4. Түркия Республикасынын Башкы штабы тарабынан сатып алынуучу

мүлк аныкталгандан кийин кыргыз Тарапка кабардандырылат жана кыргыз Та-

раптын ыйгарым укуктуу адамдары жеке сатып алуу пландарын даярдашат.

5. Берилип жаткан мүлк ушул Протоколдо көрсөтүлгөндөн башка мак-

саттарга пайдаланылбайт. Куралдын жана мүлктүн кандайдыр бир түрүн баш-

ка мамлекетке, түзүмгө, уюмга берүү же мүлктү эсептен чыгаруу Түркия

Республикасынын Башкы штабынын макулдугу менен жүргүзүлөт.

6. Кыргыз Республикасынын аймагында бажы жол-жоболорун жүргүзүү

үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аскердик органда-

рына жүктөлөт. Түркия Республикасы көрсөтүлгөн жол-жоболор үчүн финан-

сылык жоопкерчилик тартпайт.

5-берене. Тексттер жана кол коюу

1. Бул Протокол Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Респуб-

ликасынын Өкмөтүнүн ортосунда кайтарымсыз аскердик жардам жөнүндө

2008-жылдын 9-июлундагы Макулдашууга негизденет.

2. Бул Протокол эки нускада ар бири кыргыз, орус, түрк жана англис

тилдеринде кол коюлган жана бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Бул Прото-

колдун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер пайда болгон учурда

Тараптар англис тилиндеги тексти жетекчиликке алышат.

3. Бул Протокол 2008-жылдын "\_\_" \_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ шаарында

түзүлдү жана Тараптар Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мам-

лекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө Тараптар тарабынан

акыркы жазуу жүзүндөгү кабар алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Түркия

Коргоо министрлигинин Республикасынын Башкы

атынан штабынын атынан
