Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташтык боюнча комитетинин «Кумтөр» долбоору боюнча чечиминде коюлган маселелерди иштеп чыгуу максатында ведомстволор аралык жумушчу комиссия түзүү боюнча) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Правительства КР от 24 апреля 2009 года № 181-р (Об одобрении проекта Соглашения о новых условиях по проекту "Кумтор" между Правительством КР, ОАО "Кыргызалтын", канадской компанией "Центерра Голд Инк.", ЗАО "Кумтор Оперейтинг Компани", ЗАО "Кумтор Голд Компани" и корпорацией "Камеко")» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2009-04-24.
КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-апрелиндеги № 181 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2008-жылдын 13-марты № 88-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 25-июнундагы № 310-б, 2009-жылдын 16 февралындагы № 59 буйругтарынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташтык боюнча комитетинин 2008-жылдын 13-февралындагы "Кумтөр" долбоору боюнча чечиминде коюлган маселелерди иштеп чыгуу максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда ведомстволор аралык жумушчу комиссия түзүлсүн:
Айтмурзаев Н.Т. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси – министр, ведомстволор аралык комиссиянын жетекчиси; Елисеев А.А. - "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы; Исабеков К.С. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); Ибрагимов С.М. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); Курманалиев К.З. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; Иминов М.С. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрдык кызмат бөлүмүнүн башчысы. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 25-июнундагы № 310-б, 2009-жылдын 16 февралындагы № 59 буйругтарынын редакциясына ылайык)
2. Ведомстволор аралык жумушчу комиссия:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташтык боюнча комитетинин 2008-жылдын 13-февралындагы чечиминде коюлган маселелерди иштеп чыксын;
- зарыл болгон учурда "Камеко Корпорейшн" жана "Центерра Голд Инк." компанияларынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн;
- 2008-жылдын 5-апрелине чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тиешелүү сунуштарды жана материалдарды киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу комиссияга белгиленген тартипте мамлекеттик органдарынын жана "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун адистерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга, ошондой эле мамлекеттик органдардан жана "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунан керектүү маалыматтарды сураганга укук берилсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстары бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-апрелиндеги № 181-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, "Кыргызалтын" ачык акционердик коому, "Центерра Голд Инк." канадалык компаниясы, "Кумтөр…Распоряжение · 24.04.2009 · № 181-р
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 16-февралындагы № 59-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-мартындагы № 88-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 16.02.2009 · № 59-р
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 25-июнундагы №310 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-мартындагы № 88-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизүү боюнча)…Распоряжение · 25.06.2008 · № 310 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-апрелиндеги № 181-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, "Кыргызалтын" ачык акционердик коому, "Центерра Голд Инк." канадалык компаниясы, "Кумтөр…Распоряжение · 24.04.2009 · № 181-р
3 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.