Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Туркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы кайтарымсыз аскердик жардам жөнүндө макулдашуу»токтом
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 4-июлу № 340-б
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын
Өкмөтүнүн ортосундагы кайтарымсыз аскердик жардам жөнүндө макулдашуунун
тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана То-
лук ыйгарым укуктуу Элчисине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү
жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашу-
уга кол коюуга жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө ыйгарым укук берилсин.
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен
Туркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы
кайтарымсыз аскердик жардам жөнүндө
МАКУЛДАШУУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтү
мурунку достук байланыштарга таянып,
2000-жылдын 15-июнундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түр-
кия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы билим берүү, илим жана техни-
ка жаатында аскердик кызматташтык жөнүндө келишимге жана 1993-жылдын
3-мартындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын
Өкмөтүнүн ортосундагы аскердик билим берүү боюнча кызматташуу жөнүндө
келишимге шилтеме жасап,
аскердик кызматташтыкты терењдетүү жана Кыргыз Республикасынын Ку-
ралдуу Күчтөрүн реформалоого көмөк көрсөтүү максатында,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Бул Макулдашуунун алкагында Түркия Республикасынын Өкмөтү Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнө АКШ доллары эквивалентинде 1312425 (бир милли-
он үч жүз он эки мињ төрт жүз жыйырма беш) түрк лири өлчөмүндө грант
бөлүп берет. Бул грантты өздөштүрүү 2008-жылдан башталат.
2-берене.
Бул Макулдашуунун алкагында бул гранттын АКШ доллары эквивалентин-
деги 1211250 (бир миллион эки жүз он бир мињ эки жүз элүү) түрк лири
материалдар жана кызмат көрсөтүүлөр түрүндө берилет, ал эми АКШ доллары
эквивалентиндеги 101175 (жүз бир мињ жүз жетимиш беш) түрк лири Түркия
Республикасынын мыйзамдарына ылайык накталай акча каражаттары түрүндө
берилет.
3-берене.
АКШ доллары эквивалентиндеги 1312425 (бир миллион үч жүз он эки
мињ төрт жүз жыйырма беш) түрк лири финансылык жардам берүү жөнүндө жа-
на материалдык-техникалык жардам берүү жөнүндө протоколдорго ылайык
бөлүнөт, аларга ушул Макулдашууга шилтеме жасоо менен эки өлкөнүн ыйга-
рым укуктуу адамдары ортосунда кошумча кол коюлат.
4-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ал-
дын ала макулдугу жок башка өлкөгө же үчүнчү тарапка материалдык кара-
жаттарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле аларды пайдалануу уку-
гун бербөөгө милдеттенет.
5-берене.
Бул Макулдашуу күчүнө кирүү үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги
жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө түрк тарабынан жазуу жүзүндөгү бил-
дирүүнү кыргыз тарабы алган күндөн баштап бул Макулдашуу күчүнө кирет
жана баардык материалдык каражаттар жана кызмат көрсөтүүлөр Кыргыз Рес-
публикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн курамдык бөлүктөрүнүн балансынан алын-
ганча күчүндө болот.
Макулдашууну кыргыз тарабынан Кыргыз Республикасынын Коргоо ми-
нистрлиги, түрк тарабынан - Түркия Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн
Башкы штабы аткарат.
Бул Макулдашууну аткаруу боюнча баардык талаш маселелер түз
сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.
2008-жылдын "___" __________ Анкара шаарында эки түп нускада, ар
бири кыргыз, орус, түрк жана англис тилдеринде түзүлдү жана баардык
тексттер бирдей күчкө ээ.
Бул Макулдашууну чечмелөөдө кайчы пикирлер болгон учурда Тараптар
англис тилиндеги текстти жетекчиликке алышат.
Кыргыз Республикасынын Туркия Республикасынын
Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн
Мамбетжунус Абылов Алпаслан Ердоган
Кыргыз Республикасынын генерал-майор
Түркия Республикасындагы Түркия Республикасынын
Атайын жана Толук Башкы штабынын
ыйгарым укуктуу Элчиси Коргоону пландоо жана
ресурстарды башкаруу
департаментинин начальниги
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.