# 2008-жылдын 13-февралы № 44-б Кыргыз Республикасынын Окмотунун Буйругу ("Айыл чарба техникасын сатып алуу боюнча")

- Толук аталышы: 2008-жылдын 13-февралы № 44-б Кыргыз Республикасынын Окмотунун Буйругу ("Айыл чарба техникасын сатып алуу боюнча")
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 44
- Кабыл алынган күнү: 13.02.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.06.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19110>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-4376/edition/299183/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19110.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.06.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 2008-жылдын 13-февралы № 44-б Кыргыз Республикасынын Окмотунун Буйругу ("Айыл чарба техникасын сатып алуу боюнча") (16.06.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19110

---

2008-жылдын 13-февралы № 44-б

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2008-жылдын 16-июнундагы № 290-б буйругунун

редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-ноябрындагы №

509 "2008-жылы жазгы-талаа жумуштарын жүргүзүүдө айылдык товар

өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" Жарлыгына ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине:

- Япония Өкмөтүнүн гранттары боюнча утурлама фонддорунун 193253,3

мињ сом суммадагы акча каражаттарын айыл чарба техникасын сатып алууга

багыттасын;

- утурлама фонддун эсебинде топтолгон каражаттардан 193253,3 мињ

сомду айыл чарбалык техника сатып алуу үчүн Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн пайдалануусу жөнүндө Япониянын Өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү

жүргүзсүн;

- Япония Өкмөтүнүн макулдугу алынганга чейин 2008-жылдын IV квар-

талында каралган каражаттарды жалпы ассигнованиелердин эсебинен пайда-

ланууга уруксат берилсин;

- Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр

жай министрлигинин айыл чарбалык техниканы сатып алууга, аны жет-

кирүүгө, сактоого жана андан кийин товардык кредитке берүүгө байланыш-

туу кошумча чыгымдарын 2008-жылдын республикалык бюджетинде каралган

бюджеттик каражаттардын эсебинен 2008-жылдын I кварталында каржыласын.

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-июнундагы № 290-б

буйругунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети Кыргыз Респуб-

ликасынын бажы аймагына киргизилүүчү айыл чарбалык техниканы, ага асма

жана чиркеме жабдууларды бажылык КНС төлөөдөн толук бошотуу менен жана

бажылык тариздөө үчүн бажылык жыйымды төлөөдөн бошотуу менен Кыргыз

Республикасынын Салык кодексинин 147-статьясы- нын 2-пунктуна ылайык

бажылык тариздесин.

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-июнундагы № 290-б

буйругунун редакциясына ылайык)

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу

бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри И.Чудинов
