# Распоряжение Правительства КР от 17 декабря 2007 года № 546-р (О внесении изменений в распоряжения Правительства Кыргызской Республики от 31 июля 2001 года № 280-р и от 26 января 2004 года N 37-р)

- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 546-р
- Кабыл алынган күнү: 17.12.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.12.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19101>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-4368/edition/299174/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19101.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.12.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Распоряжение Правительства КР от 17 декабря 2007 года № 546-р (О внесении изменений в распоряжения Правительства Кыргызской Республики от 31 июля 2001 года № 280-р и от 26 января 2004 года N 37-р) (17.12.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19101

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 17-декабры № 546-б

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 2-августундагы № 325

"Мамлекеттик менчиктештирүү фондунун каражаттарын пайдалануунун тартиби

жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Мамлекеттик

менчиктештирүү фондунун каражаттарын пайдалануунун тартиби жөнүндө жо-

бонун 5-пунктуна ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-июлундагы №

280-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 2-пунктунда:

- биринчи абзацындагы "жана тике инвестицияларды тартуу" деген

сөздөр алып салынсын;

- экинчи абзацындагы "кайтарылма шартта" деген сөздөр "кайтарымсыз

негизде" деген сөздөргө алмаштырылсын, ал эми "жоюу мөөнөтү бир жыл"

деген сөздөр алып салынсын; үчүнчү абзацы алып салынсын;

- 3-пункту алып салынсын;

- 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисине жүктөлсүн.".

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 26-январындагы №

37 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- бүткүл тексти боюнча "жана тике инвестицияларды тартуу" деген

сөздөр алып салынсын;

- 1-пунктунун экинчи абзацы алып салынсын;

- 2-пунктундагы "4000000 (төрт миллион)" деген цифра жана сөздөр

"1000000" (бир миллион)" деген цифрага жана сөздөргө алмаштырылсын.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин

милдетин аткарып жаткан биринчи

вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу И.Айдаралиев
