# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-сентябрындагы № 510-б ("Заман" жоопкерчилиги чектелген коомунун техникалык кредит боюнча KFW банкына карызын жоюунун мөөнөтүн узартуу боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-сентябрындагы № 510-б ("Заман" жоопкерчилиги чектелген коомунун техникалык кредит боюнча KFW банкына карызын жоюунун мөөнөтүн узартуу боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 510-р
- Кабыл алынган күнү: 12.09.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.12.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19087>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-4355/edition/690567/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19087.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.12.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-сентябрындагы № 510-б ("Заман" жоопкерчилиги чектелген коомунун техникалык кредит боюнча KFW банкына карызын жоюунун мөөнөтүн узартуу боюнча) буйругу (24.12.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19087

---

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-декабрындагы № 632-б буйругуна ылайык күчүн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 12-сентябры № 510-б Текстиль өндүрүшүн колдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 31-декабрындагы № 975 "Текстиль тармагындагы ишканалардын OECF (Япония) жана KFW банкынын (Германия) кредиттери боюнча милдеттенмелерди төлөө мөөнөттөрүн өзгөртүү жана "Жеке ишкердикти колдоо" кредиттик линиясы боюнча карыздарын реструктуралоо жөнүндө" токтомуна ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Заман" жоопкерчилиги чектелген коомунун техникалык кредит боюнча KFW банкына карызын жоюунун мөөнөтүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-июнундагы № 258 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан рекредиттелген бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк кредиттерге карата заемдук каражаттарды кайтаруунун шарттарын өзгөртүү боюнча сунуштарды кароо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык, негизги карыз - 432359,75 евро (төрт жүз отуз эки миң үч жүз элүү тогуз евро жана жетимиш беш цент), кредитти пайдалангандык үчун проценти - 420495,32 евро (төрт жүз жыйырма миң төрт жүз токсон беш евро жана отуз эки цент) болуучу жетишээрлик кошумча милдеттүү күрөөлүк камсыздоо менен, төмөнкүдөй шарттарда узартсын:

- негизги карызды жоюу мөөнөтү 2009-жылдын 30-декабрынан тартып төлөй баштоо менен 2009-жылдан 2029-жылга чейин жыйырма жылга узартылат;

- кредитти пайдалангандык үчүн проценттик ставка 2,5 процент жылдык белгиленет жана проценттерди кошуу 2009-жылдын 30-декабрынан башталат;

- 1994-жылдын 30-ноябрынан тартып 2009-жылдын 30-декабрына чейин кошулган проценттердин суммасы 2,5 процент жылдык ставка менен кайра эсептелет, мында төлөө мөөнөтү 2009-жылдын 30-декабрынан 2029-жылдын 30-декабрына чейин белгиленет;

- карыздын суммасын жоюу графиги 2009-жылдын 30-декабрынан баштап бекитилет.

2. "Заман" жоопкерчилиги чектелген коомуна төмөнкүлөр сунушталсын:

- коомдун активдерине укукту аныктоочу документтерди бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү;

- "Кыргызстан" коммерциялык банкы" ачык акционердик коому менен күрөө жөнүндө кошумча келишим түзүү;

- жогоруда айтылган кредиттин кошулган проценттери менен графикке жана карыздык милдеттенмеге катуу ылайык төлөнүшүн камсыздоо.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай бөлүмүнө тапшырылсын.

Премьер-министр

И.Чудинов
