Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Правительства КР от 27 мая 2009 года № 242-р (Об одобрении проекта Соглашения между Правительством Кыргызской Республики и Правительством Российской Федерации об учреждении и условиях деятельности Кыргызского дома науки и культуры в городе Москва и Российского центра науки и культуры в городе Бишкек)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2009-05-27.
КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-майындагы № 242-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2008-жылдын 24-майы № 241-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Москва шаарында Кыргыз илим жана маданият үйүн жана Бишкек шаарында Россия илим жана маданият үйүн уюштуруу жана алардын иштөө шарттары жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жогоруда аталган Макулдашууга кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр
И.Чудинов
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын
Өкмөтүнүн ортосундагы Москва шаарында Кыргыз илим жана
маданият үйүн жана Бишкек шаарында Россия илим жана маданият
үйүн уюштуруу жана алардын иштөө шарттары жөнүндө
МАКУЛДАШУУ
Мындан ары - тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтү Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Достук, кызматташтык жана өз ара жардам жөнүндө 1992-жылдын 10-июнундагы келишимге, Кыргыз Республикасы жана Россия Федерациясынын ортосундагы Түбөлүк достук, союздашуу жана өнөктөшүү жөнүндө 2000-жылдын 27-июлундагы декларацияга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Маданият, илим жана билим берүү жаатында кызматташуу жөнүндө 1995-жылдын 27-мартындагы макулдашууга ылайык эки тараптуу соода-экономикалык, илимий-техникалык, маданий-гуманитардык жана маалыматтык байланыштарды өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө умтулуу менен төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Тараптар өз ара пайдалуу шарттардын негизинде мындан ары - "Мекемелер" деп аталуучу тиешелүү түрдө Москва шаарында Кыргыз илим жана маданият үйүн (мындан ары - КИМҮ) жана Бишкек шаарында Россия илим жана маданият үйүн (мындан ары - РИМҮ) уюштурушат. Тараптар өз ара келишимдердин негизинде эки мамлекеттин башка шаарларында Мекемелердин филиалдарын ача алышат. Мекемелердин жана алардын филиалдарынын ишмердиги жалпы кабыл алынган эл аралык укуктук нормалардын, ушул Макулдашуунун жоболорунун негизинде жана алар жайгашкан мамлекеттин мыйзамдарына ылайык түзүлөт.
2-берене.
КИМҮ жана анын филиалдары өзүнүн ишмердигин Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн башчысынын жетекчилигинде жүргүзөт. РИМҮ жана анын филиалдары өзүнүн ишмердигин Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн башчысынын жалпы жетекчилигинде жүргүзөт. РИМҮнүн ишмердиги Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Россия эл аралык илимий жана маданий кызматташуу борбору тарабынан камсыз кылынат.
3-берене.
Мекемелер өз ишмердиктерин жүргүзүүнүн чегинде министрликтер, башка мамлекеттик мекемелер жана уюмдар, мамлекеттик бийликтин жергиликтүү органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, расмий түрдө катталган жамааттар, ассоциациялар, фонддор, ошондой эле өзү жайгашкан мамлекеттин айрым жарандары менен түз байланыш түзө алышат.
4-берене.
Мекемелердин негизги милдеттери:
- илимий-техникалык, маданий-гуманитардык жана маалымат жаатындагы эки тараптуу кызматташуунун программаларын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү;
- өзү жайгашкан мамлекеттин коомчулугун өз мамлекетинин ички жана тышкы саясаты, коомдук турмушундагы болуп жаткан окуялар, анын тарыхы жана маданияты менен тааныштыруу;
- эки мамлекеттин ишкер чөйрөсүнүн, чыгармачылык, маданий-агартуучу, илимий, билим берүү уюмдары жана мекемелеринин ортосунда байланыштарды түзүүгө жана кызматташтыгын өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
- эки мамлекеттин элдеринин тилин жана маданиятын үйрөнүүгө көмөк көрсөтүү;
- өздөрүнүн маалыматтык мүмкүнчүлүктөрүн эки мамлекеттин соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташууларын кеңейтүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү кызыкчылыгында пайдалануу;
- Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын региондорунун жана шаарларынын ортосунда тикелей өнөктөштүк байланыштарды түзүүгө жана өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
- чет өлкөдөгү мекендештердин социалдык-маданий, билим алуу жана башка мыйзам укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу, алардын биригишине көмөк көрсөтүү, эне тилин, улуттук-маданий өзгөчөлүктөрүн сактоо, Тараптардын мамлекеттеринин уюмдарынын чет өлкөдөгү мекендештери жана алардын бирикмелери менен байланыштарын өнүктүрүү максатында аларды колдоого багытталган өз мамлекетинин саясатын жүргүзүүгө катышуу.
5-берене.
Мекемелер өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык:
- Тараптардын мамлекеттеринин коомдук-саясий, экономикалык, илимий-техникалык жана маданий өнүктүрүү маселелери боюнча маалыматтык-сурап билүү фонддорун жана маалыматтар банкын түзүшөт, эл аралык, гуманитардык, илимий, маданий жана ишкердик кызматташуу проблемалары боюнча конференцияларды, симпозиумдарды, консультацияларды өткөрүшөт;
- Тараптардын мамлекеттеринин соода-экономикалык, маданий-агартуу, илимий, билим берүү мекемелери жана уюмдары менен байланыш түзүү маселелери боюнча кызыкдар уюмдарга жана өзү жайгашкан мамлекеттин жарандарына маалыматтык жана консультациялык көмөк көрсөтүшөт;
- өзү жайгашкан мамлекетте туруктуу жашаган мекендештер арасында маданий-агартуу жана маалыматтык иштерди жүргүзүшөт, алардын бирикмелери менен байланышты колдоп турушат;
- көркөм жамааттардын жана айрым аткаруучулардын чыгууларын, теле жана кино кароолорун уюштурушат;
- экспонаттык, сүрөт, көркөм чыгармалардын жана элдик чыгармачылык буюмдардын көргөзмөлөрүн, китеп көргөзмөлөрүн уюштурушат;
- жергиликтүү коомчулуктун жана ишкердик чөйрөлөрдүн өкүлдөрүн, илим жана маданияттын көрүнүктүү ишмерлерин, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарын ишине тартуу менен өз ишмердигинин багыттары боюнча коомдук кеңештерди жана клубдарды түзүшөт;
- өзүлөрүнүн мамлекеттик тилдерин үйрөнүү боюнча курстарды уюштурушат, окуу жайларынын жана илимий мекемелеринин тил жана адабият мугалимдерине жана илимий кызматкерлерине методикалык жардам көрсөтүшөт;
- өзү жайгашкан мамлекеттин жарандарын тандоого, аларды өз мамлекеттерине окууга жана стажировкага жиберүүгө көмөк көрсөтүшөт;
- өзү жайгашкан мамлекеттеги өзүнүн мамлекетинин окуу жайларынын бүтүрүүчүлөр ассоциацияларынын жана клубдарынын ишмердигине көмөк көрсөтүшөт, ушуга окшош ассоциация жана клубдардын аталган окуу жайлары менен байланыштарын колдоого көмөктөшөт, ошондой эле бүтүрүүчүлөр үчүн өзү жайгашкан мамлекетте квалификацияны жогорулатуу боюнча семинарларды уюштурушат;
- өзү жайгашкан мамлекеттин кызыкдар уюмдары, айрым жарандары үчүн китепканалардын жана башка маалыматтык кызматтардын ишин камсыздашат;
- өзү жайгашкан мамлекеттин ассоциациялары жана достук коомдору, окутуу, маданий жана илимий мекемелери, үчүнчү өлкөлөрдүн маданий-маалыматтык борборлору менен кызматташат;
- Мекемелердин ишмердиги менен байланышкан программаларды, чакырууларды жана башка маалыматтык материалдарды жайылтышат.
Өзү жайгашкан мамлекеттин мыйзамдарын сактоо менен Мекемелер ушул Макулдашуунун максаттарына жооп берген ишмердиктин башка түрлөрүн жүргүзө алышат.
6-берене.
КИМҮ жана РИМҮ тиешелүү түрдө Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын мамлекеттик мекемелери болуп саналат. Мекемелер ушул Макулдашууда каралган өз милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө өзү жайгашкан мамлекеттин мыйзамдарына ылайык юридикалык жактын укуктарын пайдаланышат.
7-берене.
Мекемелер өткөргөн иш-чараларга Тараптар коомчулуктун тоскоолсуз жетүүсүн камсыздашат. Тараптар өз ара пайдалуу негизде жана өзү жайгашкан мамлекеттин мыйзамдарына ылайык Мекемелердин кызматкерлеринин жана жайларынын, ошондой эле алар өткөргөн иш-чаралардын коопсуздугун камсыздоо боюнча зарыл чараларды көрүшөт.
8-берене.
Мекемелер жана алардын филиалдары өз ишмердигинен пайда алуу максатын көздөшпөйт. Ошол эле учурда аларды Мекемелерди жана алардын филиалдарын күтүү жана алардын иштеши боюнча чыгымдардын бөлүгүн жабуу үчүн төмөнкүлөрдү ишке ашыра алышат:
- тил үйрөнүү боюнча курстарда окуу жана ишмердиктин башка түрлөрү үчүн алар тарабынан уюштурулган иш-чараларга катышууга акы алуу;
- маалыматты жазуу ыкмасына карабастан мезгилдүү басма сөз чыгарылыштарын, каталогдорду, афишаларды, программаларды, китептерди, сүрөттөрдү жана репродукцияларды, пластинкаларды, аудиовизуалдык жана дидактикалык материалдарды; Мекемелер тарабынан уюштурулган иш-чараларга түздөн-түз тиешеси бар, өзү жайгашкан мамлекеттин мыйзамдарында тыюу салынбаган башка предметтерди өзү жайгашкан мамлекеттин соода түйүндөрү аркылуу сатууга болбогон жана соода ишмердигинин эрежелерине, өзү жайгашкан мамлекеттин бажы мыйзамдарына карама каршы келбеген жана интеллектуалдык менчик ээлеринин укуктарын бузбаган шарттарда сатуу.
9-берене.
Тараптар өз ара пайдалуу шарттарда Мекемелерди жана алардын кызматкерлерин жайгаштыруу үчүн өзү жайгашкан мамлекеттин мыйзамдарына ылайык жер участокторду берүүгө, ошондой эле кызматтык жана турак жай имараттарын (жайларын) ижарага берүү, сатып алуу же курууга көмөк көрсөтүшөт. Курулуш курууга уруксат берилгенден кийин Мекемелердин имараттарын (жайларын) долбоорлоо, куруу жана жасалгалоо боюнча иштерди өзү жайгашкан мамлекеттин шаар куруу эрежелерине ылайык жиберүүчү Тарап жүргүзөт. Мында жиберүүчү Тарап тиешелүү иштерди жүргүзүүгө подрядчыларды өз алдынча дайындоого укуктуу.
10-берене.
Мекемелер, алардын филиалдары жана Мекемелердин персоналы үчүн салык режими өз ара пайдалуу принцибин эске алуу менен жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы кош салык салууну болтурбоо жана кирешелерге салык төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө 1999-жылдын 13-январындагы Макулдашууга ылайык өзү жайгашкан мамлекеттин мыйзамдары менен аныкталат.
11-берене.
Тараптар өз ара пайдалуу негизде жана алардын мамлекеттеринде колдонулуучу бажы мыйзамдарына ылайык, бажы алымдарынан жана салыктардан бошотуу менен, сатуу үчүн арналбаган төмөнкүдөй товарларды убактылуу ташып кирүүгө уруксат беришет:
- жабдуулар, эмерек, материалдарды жана Мекемелердин иштеши үчүн зарыл болгон башка буюмдарды (транспорттук каражаттарды кошкондо);
- Мекемелердин жайларында же алар тарабынан уюштурулуучу иш-чаралардын алкагында анын чегинен сыртка көрсөтүлүүчү кинофильмдерди;
- көргөзмөлөрдү жана маданий-көркөм иш-чараларды өткөрүү үчүн экспонаттарды жана жабдууларды;
- интерьерди жасалгалоо, ушул Макулдашууда аныкталган алардын ишмердиктеринин негизги максаттарына ылайык Мекемелердин нормалдуу иштешин камсыздоо үчүн зарыл болгон ар түрдүү башка материалдарды, предметтерди жана буюмдарды.
Бул беренеде аталган буюмдар бажы төлөмдөрү үчүн акы алынган жана ошол мамлекеттин мыйзамдарында белгиленген башка талаптар аткарылган шартта өзү жайгашкан мамлекеттин бажы мыйзамдарына ылайык компетенттүү бажы органдарынын уруксаты менен ээликтен ажыратылышы мүмкүн.
12-берене.
Тараптардын ар бири өзүнүн Мекемесинин персоналын дайындайт. Бул персонал жиберүүчү Тараптын мамлекетинин, өзү жайгашкан мамлекеттин же үчүнчү мамлекеттин жарандары болушу мүмкүн. Үчүнчү мамлекеттин жарандарын дайындоодо өзү жайгашкан мамлекеттин компетенттүү органдары менен макулдашуу зарыл. Мекеменин директору жана анын орун басары жиберүүчү Тараптын жарандары болууга тийиш. Мында Мекеменин директору жиберүүчү Тараптын мамлекетинин дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн дипломатиялык персоналынын мүчөсү болушу мүмкүн. Мекемелердин персоналынын саны Тараптардын аз ара келишими боюнча белгиленет. Тараптар Мекеменин персоналын комплекттөө жөнүндө, ошондой эле кызматкерлердин кызматка киришкендиги жана алардын Мекемеде иштегенин токтоткондугу тууралуу бири бирине билдиришет.
13-берене.
Жиберүүчү Тараптын мамлекетинин жаракы болуп эсептелген жана өзү жайгашкан мамлекетте туруктуу жашабаган Мекеменин кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жиберүүчү Тараптын мамлекетинин эмгек мыйзамдары жана социалдык камсыздоо режими колдонулат.
14-берене.
Жиберүүчү Тараптын Мекемесинин кызматкерлеринин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жеке пайдалануулары үчүн арналган товарларды жана транспорттук каражаттарды убактылуу ташып кирүү/чыгаруу өзү жайгашкан мамлекеттин мыйзамдарына ылайык бажы алымдарынан жана салык төлөмдөрүнөн бошотуу менен жөнөкөйлөтүлгөн жана жеңилдетилген тартипте жүргүзүлөт. Өзү жайгашкан мамлекеттин жараны же анын аймагында туруктуу жашаган адам болуп эсептелген Мекемелердин кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө ушул беренеде каралган жеңилдиктер колдонулбайт.
15-берене.
Тараптар өз мамлекеттеринин эл аралык милдеттенмелерине жана мыйзамына ылайык Мекемелердин кызматкерлеринин жана алар менен бирге жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнүн келүүсүнө уруксат берүү жөнүндө арыздарды, ошондой эле өзү жайгашкан мамлекетте жашоого уруксат берүү жөнүндө арыздарды өз учурунда кароого көмөк көрсөтүшөт.
16-берене.
Тараптардын ар бири зарыл учурда анын Мекемесинин кызматкерлери үчүн турак жайларды тандоодо экинчи Тарапка көмөк көрсөтүшөт.
17-берене.
Тараптар өз ара келишим боюнча ушул Макулдашуунун жоболорун аткарууга байланыштуу маселелерди кароо үчүн консультацияларды өткөрүшөт.
18-берене.
Бул Макулдашууну чечмелөөгө жана колдонууга байланыштуу Тараптар ортосунда келип чыккан талаш-тартыштар сүйлөшүүлөр аркылуу чечилет.
19-берене.
Тараптар өз ара келишим боюнча ушул Макулдашууга өзүнчө протоколдор менен таризделүүчү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизе алышат.
20-берене.
Бул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгын ырастаган жазуу жүзүндөгү акыркы билдирүү алынган күндөн тартып күчүнө кирет. Бул Макулдашуу беш жылдык мөөнөткө түзүлөт. Бул Макулдашуунун колдонулушу тиешелүү мезгил аяктаганга чейин кеминде алты айга чейин Тараптардын бири экинчи Тарапка анын колдонулушун токтотуу ниети тууралуу жазуу жүзүндөгү кабарлоо жибермейин кийинки беш жылдык мөөнөттөргө өзүнөн өзү узартылат. ____________ шаарында, 200____ - жылдын эки түп нускада, ар бири кыргыз жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясынын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-майындагы № 242-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Москва шаарында Кыргыз илим жана маданият үйүн жана…Распоряжение · 27.05.2009 · № 242-р · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Соглашение между Правительством Кыргызской Республики и Правительством Российской Федерации об избежании двойного налогообложения и предотвращении уклонения от уплаты налогов на…Соглашение · 13.01.1999
- Договор о дружбе, сотрудничестве и взаимной помощи между Республикой Кыргызстан и Российской Федерацией (Ратифицирован постановлением Верховного Совета РК от 18 декабря 1992 года…Договор · 10.06.1992
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-майындагы № 242-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Москва шаарында Кыргыз илим жана маданият үйүн жана…Распоряжение · 27.05.2009 · № 242-р · Күчүн жоготкон