# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 4-апрелиндеги №119-б буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 4-апрелиндеги №119-б буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 119
- Кабыл алынган күнү: 04.04.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.04.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19067>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-4335/edition/299139/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19067.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.04.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 4-апрелиндеги №119-б буйругу (19.04.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19067

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 4-апрели № 119-б

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтнүн 2008-жылдын

29 апрелиндеги №178-р буйругуна ылайык)

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын

Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Россия Славян университетинин ишмердигинин

шарттары жөнүндө Макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 14-октябрындагы №

624-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.

Премьер-министри И.Чудинов

Долбоор

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы

Кыргыз-Россия Славян университетинин

ишмердигинин шарттары жөнүндө

МАКУЛДАШУУ

Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ме-

нен Россия Федерациясынын Өкмөтү,

1992-жылдын 10-июнундагы Кыргыз Республикасы менен Россия Федера-

циясынын ортосундагы достук, кызматташтык жана өз ара жардамдашуу жө-

нүндө келишимге таянып,

Кыргыз-Россия Славян университетинин андан ары өнүгүшү үчүн ыњгай-

луу шарттарды түзүү максатын жетекчиликке алып,

Бишкек шаарында Кыргыз-Россия Славян университетин түзүү жана иш-

төө шарттары жөнүндө 1993-жылдын 9-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын

Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн Макул-

дашууну ишке ашыруу боюнча топтолгон тажрыйбаны эске алып,

төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:

1-статья.

Мындан ары Университет деп аталуучу Кыргыз-Россия Славян универси-

тети Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын биргелешкен кара-

магындагы жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттер аралык билим

берүүчү окуу жайы болуп эсептелет.

2-статья.

Университеттин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:

билим берүү ишмердигин жүргүзүүгө укук берүүчү лицензияга ылайык

Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясында кабыл алынган жогорку

кесиптик билим берүүнүн даярдоо багыттарынын (адистиктердин) тизмесинде

каралган даярдоонун багыттары (адистиктер) боюнча жогорку жана ЖОЖдон

кийинки кесиптик билими бар кадрларды даярдоо;

билим берүү ишмердигин негизги жалпы, орто (толук) жалпы жана орто

кесиптик билим берүү программалары боюнча жүргүзүү;

Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын илим жана билим

берүү чөйрөлөрүндө топтолгон жетишкендиктерди жана тажрыйбаны колдонуу-

нун жана Тараптардын эки мамлекетинде тењ жогорку окуу жайларынын или-

мий-педагогикалык кадрларын өз ара жиберишүүнүн базасында илимий-техни-

калык жана кадрлык потенциалдын өнүгүшүнө көмөктөшүү;

билим берүү чөйрөсүндө интеграция процесстерин өнүктүрүү, Тарап-

тардын эки мамлекетинин тењ маданияттарын, тилдерин, элдеринин тарыхый

жана улуттук салттарын сактоого, өнүктүрүүгө жана өз ара байытууга кө-

мөктөшүү.

3-статья.

Улутуна, жынысына, жашына, туткан динине, расасына, тилине, теги-

не, жашаган жерине, ден соолугунун абалына, социалдык жана мүлктүк аба-

лына жана саясий көз караштарына карабастан, тийиштүү дењгээлдеги били-

ми бар Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын, Көзкарандысыз

Мамлекеттер Шериктештигинин жана башка мамлекеттердин жарандары Универ-

ситетке өтүү укугуна ээ.

Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын жана башка мамлекет-

тердин жарандарын Университетке окууга кабыл алуу Университеттин Уста-

вында каралган тартипте жүргүзүлөт.

4-статья.

Университетте окутуу кыргыз тилин милдеттүү түрдө окутуу менен

орус тилинде жүргүзүлөт, ошондой эле окутуу чет тилдерде да жүргүзүлүп,

билим берүү процессинде тийиштүү шарттар түзүлөт.

5-статья.

Университеттин ишмердиги Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына

ылайык Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана

Россия Федерациясынын Билим берүү боюнча федералдык агенттиги тарабынан

бекитилген Устав аркылуу жөнгө салынат.

Университеттин лицензияланышы жана мамлекеттик аккредитацияланышы

Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

6-статья.

Университеттин илимий-педагогикалык кызматкерлерине жана студент-

терине Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын Тараптарынын

мамлекеттеринин мыйзамдарында каралган академиялык эркиндик берилет.

7-статья.

Университеттин ишмердигинин каржылык камсыздалышы Тараптар аркылуу

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин жана Россия Федерациясы-

нын федералдык бюджетинин эсебинен жүргүзүлөт.

Россия Тарабы Россия Федерациясынын Билим берүү боюнча федералдык

агенттигине белгиленген тартипте каралган бюджеттик каражаттардын че-

гинде Университеттин кызматкерлерине айлык акы төлөп берүүгө жана Рос-

сия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык айлык акыга кошуп эсептөөлөр бо-

юнча чыгымдарын каржылык жактан камсыздоо максатында Университетке суб-

сидия берет.

Кыргыз Тарабы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Универси-

теттин ишмердигин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу жана Уни-

верситетте окуган студенттерге стипендия төлөп берүү боюнча чыгымдарын

каржылык жактан камсыздоо үчүн Университетке максаттуу каражаттарды бе-

рет.

Университет чыгымдары тууралуу каржылык отчет тапшырат, Россия Фе-

дерациясынын билим берүү боюнча федералдык агенттиги тарабынан белги-

ленген тартиптеги субсидиялар жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү

жана илим министрлиги тарабынан белгиленген тартиптеги максаттуу кара-

жаттар каржылык камсыздоонун булагын түзөт.

8-статья.

Университет Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин эсебинен

Кыргыз Республикасында ишке ашырылуучу жана федералдык бюджеттин кара-

жаттарынын эсебинен Россия Федерациясында ишке ашырылуучу, ошондой эле

Тараптардын мамлекеттеринин жана чет өлкөлөрдүн түрдүү гуманитардык

фондуларынын эсебинен ишке ашырылуучу илимий жана илимий-техникалык

программаларды жана долбоорлорду аткарууга катыша алат.

9-статья.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Университеттин түзүмүн-

дө Кыргыз Республикасы үчүн запастагы офицерлерди даярдоо боюнча аскер

кафедрасы түзүлөт.

10-статья.

Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарын эсепке алуу менен Универ-

ситеттин Уставында белгиленген тартипте Университеттин ректору шайла-

нат.

Ректор шайлангандан кийин аны менен Кыргыз Республикасынын Билим

берүү жана илим министрлиги жана Россия Федерациясынын Билим берүү бо-

юнча федералдык агенттигинин ортосунда беш жылга чейинки мөөнөткө эмгек

келишими түзүлөт.

11-статья.

Университетке студенттерди кабыл алуунун контролдук саны, федерал-

дык бюджеттен алынган субсидиялардын эсебинен ишке ашырылуучу окутуу

боюнча чыгымдар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрли-

гинин жана Россия Федерациясынын Билим берүү боюнча федералдык агентти-

гинин биргелешкен чечими менен белгиленет.

Акы төлөмө негизде окуган студенттердин санын билим берүү ишмерди-

гин жүргүзүүгө укук берген лицензияда белгиленген окугандардын чектик

санынын алкагында Университет өз алдынча аныктайт.

12-статья.

Университетте диссертациялык кењештер Россия Федерациясында колдо-

нулуучу Илимий даражаларды ыйгаруу тартиби жөнүндөгү жобого жана Дис-

сертациялык кењеш жөнүндөгү жобого ылайык түзүлөт.

Аталган диссертациялык кењештердин курамына КМШга катышуучу мамле-

кеттердин ыйгарым укуктуу аттестациялык органдары тарабынан берилген

тийиштүү дипломдору бар жана бул аттестациялык документтери Россия Фе-

дерациясында белгиленген тартипке ылайык жарактуу деп табылган же кайра

аттестациядан өткөрүлгөн окумуштуулар киргизилиши мүмкүн.

13-статья.

Тараптар билиминин жана/же квалификациясынын, илимий даражалардын

ыйгарылышынын жана илимий наамдын берилишинин дењгээли алардын ортосун-

да түзүлгөн макулдашууларга ылайык келгендиги жөнүндө Университет бер-

ген документтерди өз ара таанышат.

14-статья.

Университет өзүнүн кызматкерлерин билим берүү, илим жана техника

чөйрөлөрүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Россия Федерациясы-

нын Өкмөтүнүн сыйлыктарын изденип алууга белгиленген тартипте көрсөтүү-

гө, ошондой эле эки мамлекеттин тењ илим чөйрөсүндөгү гранттарын алуу

үчүн конкурстарга катышууга укуктуу.

15-статья.

Тараптардын ортосундагы бул Макулдашууну чечмелөө жана/же ишке

ашыруу менен байланышкан талаштар алардын ортосунда консультацияларды

жана сүйлөшүүлөрдү өткөрүү аркылуу чечилет.

16-статья.

Бул Макулдашуу Тараптар анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мам-

лекет ичиндеги жол-жоболорду аткаргандыгы тууралуу жазуу жүзүндөгү

акыркы билдирүү алган күндөн тартып күчүнө кирет.

Бул Макулдашуу 5 жыл бою колдонулат жана Тараптардын бири экинчи

Тарапка анын колдонулушун токтотууну ниеттенгендиги жөнүндө кезектеги

мезгил аяктаганга чейин алты ай мурда жазуу жүзүндө билдирбесе, анда

бул Макулдашуу өзүнөн-өзү кийинки беш жылдык мөөнөттөргө узартыла бе-

рет.

Бул Макулдашуу күчүнө кирген күндөн тартып Бишкек шаарында Кыр-

гыз-Россия Славян университетин түзүү жана иштөө шарттары жөнүндө

1993-жылдын 9-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия

Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн Макулдашуунун төмөнкү жобо-

лору күчүн жоготот:

1-статьянын экинчи абзацы;

2, 3, 5, 6, 7, 8, 9, 10 жана 11-статьялар.

2008-жылдын "\_\_\_\_\_\_\_\_" \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ эки нускада ар бири орус жа-

на кыргыз тилдеринде түзүлдү, эки текст тењ бирдей күчкө ээ.

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясынын

Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн
