# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 6-мартындагы № 76-б буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 6-мартындагы № 76-б буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 76-р
- Кабыл алынган күнү: 06.03.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.03.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19050>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-4318/edition/299122/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19050.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.03.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 6-мартындагы № 76-б буйругу (06.03.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19050

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 6-марты № 76-б

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ

"Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу

башкы башкармалыгынын айрым мекемелерин жоюу жөнүндө" Кыргыз Республи-

касынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-июнундагы № 227 токтомуна ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги № 7, 13 жана 28 ко-

лония поселениелерин жоюу боюнча бардык иш-чараларды белгиленген тар-

типте ишке ашырсын, анын ичинде:

- жоюу комиссияларын түзсүн;

- жоюу баланстарын бекитсин;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бошо-

гон кызматкерлерди ишке орноштуруу маселесин чечсин.

2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар

бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри И.Чудинов
