# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-декабрындагы № 590-б

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-декабрындагы № 590-б
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 590-р
- Кабыл алынган күнү: 30.12.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.12.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19022>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-4290/edition/299098/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19022.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-декабрындагы № 590-б (30.12.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19022

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 30-декабры № 590-б

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ

Кыргыз Республикасынын Президентинин "2008-жылы жазгы талаа жумуш-

тарын жүргүзүүдө айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсө-

түү жөнүндө" 2007-жылдын 27-ноябрындагы № 509 Жарлыгына жана "Кыргыз

Республикасынын айылдык товар өндүрүүчүлөрүн 2008-жылдагы жазгы айдап

себүүгө жаздык дан өсүмдүктөрүнүн сорттуу үрөндөрү жана күйүүчү-майлоо-

чу материалдар менен камсыз кылууда аларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-июнундагы №

237 токтомуна ылайык:

1. Мамлекеттик материалдык резервге 10 мињ куб метр дизель отунун

сатып алууну жана сактоого коюуну уюштуруу, кийин брондон чыгаруу жана

2008-жылы жазгы талаа жумуштарын жүргүзүү мезгилинде айылдык товар өн-

дүрүүчүлөргө сактоого коюу баасы боюнча сатуу үчүн төмөнкүдөй курамда

ведомстволор аралык тендердик комиссия түзүлсүн:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар

жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун

орун басары, ведомстволор аралык тендердик комиссиянын төрагасы.

Комиссия мүчөлөрү:

Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода министри-

нин орун басары;

Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай

министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, ту-

ризм жана ишкердик бөлүмүнүн эксперти.

2. Тендердик комиссия "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте тендердик документтерди

иштеп чыгууга жана тендер өткөрүүгө байланыштуу бардык зарыл жол-жобо-

лорду аткарсын.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жа-

на агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөл-

сүн.

Премьер-министри И.Чудинов
