# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 3-декабрындагы № 513-буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 3-декабрындагы № 513-буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 513-р
- Кабыл алынган күнү: 03.12.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.12.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19005>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-4274/edition/299081/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19005.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.12.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 3-декабрындагы № 513-буйругу (03.12.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19005

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 3-декабры № 513-б

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ

Кыргыз Республикасынын Талас, Нарын жана Ысыккөл облустарынын жа-

кыр үй-бүлөлөрүнө ун жеткирүүнү камсыз кылуу максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып

алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 14-майындагы № 124-б буйругуна

ылайык колдонулбаган ундун калдыгын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2007-жылдын 9-октябрындагы № 379-б буйругуна ылайык сатуу үчүн төмөнкү-

лөрдүн райондук борборлоруна чейин - Талас облусунун - 395 тонна, Нарын

облусунун - 1530 тонна жана Ысыккөл облусунун - 1010 тонна унду жетки-

рүүнү камсыз кылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы сая-

сат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик ушул буй-

рукка ылайык сатылуучу унга бааны көрсөтүлгөн облустардын райондук бор-

борлоруна чейинки транспорт чыгымдарынын жана мүшөктөрдүн баасын эске

алуу менен өздүк наркынын дењгээлинде үч күндүк мөөнөттө белгилесин.

3. Талас, Нарын жана Ысыккөл облустарынын мамлекеттик администра-

циялары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы са-

ясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик белгиле-

ген баа боюнча унду өз убагында кабыл алууну жана жакыр үй-бүлөлөргө

сатууну белгиленген тартипте камсыз кылсын.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө

жүктөлсүн.

Премьер-министринин

милдетин аткарып жаткан биринчи

вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу И.Айдаралиев
