Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасынын биринчи Орун басарынын УӨ № 103-а (Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ БУЙРУК 2010-жылдын 27-майы УӨ № 103-а Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 22-апрелиндеги № 24-а тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктта:
экинчи абзацындагы "4300" деген сан "4650" деген санга алмаштырылсын, "2010-жылдын 1-июнуна чейин" деген сөздөр алып салынсын; үчүнчү абзацындагы "2010-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө" деген сөздөр "дизелдик отун Кыргыз Республикасына гуманитардык жардам катары келишине жараша" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- аталган тескеменин тиркемеси ушул тескеменин тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасынын биринчи Орун басары
А.Атамбаев
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-майындагы № 103-а тескемесине тиркеме
Облустар боюнча дизель отунун бөлүштүрүү
| Облустардын аталышы | Көлөмү, куб.м |
|---|---|
| Баткен | 113 |
| Жалал-Абад | 350 |
| Ысык-Көл | 1412 |
| Нарын | 987 |
| Ош | 413 |
| Талас | 1002 |
| Чүй | 373 |
| Жыйынтыгы: | 4650 |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.