# Распоряжение Правительства КР от 27 ноября 2007 года №502-р (Об утверждении плана мероприятий по проведению месячника по поддержке лиц с ограниченными возможностями здоровья)

- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 502
- Кабыл алынган күнү: 27.11.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.01.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19001>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-4270/edition/527331/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19001.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Распоряжение Правительства КР от 27 ноября 2007 года №502-р (Об утверждении плана мероприятий по проведению месячника по поддержке лиц с ограниченными возможностями здоровья) (24.01.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19001

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2007-жылдын 27-ноябры № 502-б (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-январындагы № 15-б буйругунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 26-ноябрындагы № 263 буйругуна ылайык жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, майып балдарга, ошондой эле интернат-үйлөрдө жашаган адамдарга Майыптардын эл аралык күнүнүн алкагында даректүү материалдык жана социалдык колдоо көрсөтүү максатында:

1. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо боюнча 2007-жылдын 3-декабрынан 2008-жылдын 3-январына чейин бир айлык өткөрүлсүн.

2. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоого карата бир айлык өткөрүү боюнча иш-чаралар планы;

- ар тараптуу колдоо көрсөтүү үчүн министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго, аткаруу бийлигинин башка органдарына, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу-тескөө органдарына бекитилген интернат-үйлөрдүн тизмеси.

3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу-тескөө органдары майыптар үчүн интернат-үйлөргө ар тараптуу колдоо көрсөтүшсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясына Майыптардын эл аралык күнүнө даярдыктын жана республиканын бардык региондорунда бир айлыктын жүрүшүн жана өткөрүлүшүн чагылдыруу сунушталсын.

5. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу-тескөө органдарынын жетекчилери жана башка кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 26-ноябрындагы № 263 буйругунда каралган графикке ылайык мектептерде жана үй-интернаттарында болууну кошо алганда жасалган иштер жөнүндө 2008-жылдын 5-январына чейин маалымат беришсин.

6. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 2008-жылдын 20-январына чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жалпыланган маалымат берсин.

7. Бул буйрук жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

8. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу

А.Атамбаев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-ноябрындагы № 502-б буйругу менен бекитилген

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды

колдоого карата бир айлык өткөрүү боюнча иш-чаралар

ПЛАНЫ

| № | Иш-чаралардын аталышы | Мөөнөтү | Жооптуулар |
| --- | --- | --- | --- |
| 1. | Спорттук иш-чараларды өткөрүү: - улуу курактагы майыптар арасында; - майып балдар арасында | 2007-жылдын 3-декабры - 2008-жылдын 3-январы | Дене тарбия, спортмамагенттиги, облустук мамадминистрация- лар, жергиликтүү өз алдынча башка- руунун аткаруу- тескөө органдары |
| 2. | Жалгыз бой, аз камсыздалган майыптар үчүн кайрымдуулук түштөнүүлөрдү уюштуруу | 2007-жылдын 3-декабры - 2008-жылдын 3-январы | Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, облустук мамадминистрация лар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу-тескөө органдары |
| 3. | Кышка отун сатып алуу, турак жайын оңдоого өтө муктаж болгон майыптарга колдон келишинче материалдык жардам көрсөтүү | 2007-жылдын 3-декабры - 2008-жылдын 3-январы | Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, облустук мамадминистрация- лар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу-тескөө органдары |
| 4. | Саламаттык сактоо мекемелеринде акысыз медициналык консультация көрсөтүү | 2007-жылдын 3-декабры - 2008-жылдын 3-январы | Саламатсакмин |
| 5. | Зарыл жардам көрсөтүү максатында жалгыз бой майыптардын материалдык - тиричилик шарттарын иликтөөнү жүргүзүү | 2007-жылдын 3-декабры - 2008-жылдын 3-январы | Эмгексоцмин, облустук мамадминистрация- лар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу-тескөө органдары |
| 6. | Теардык-оюн-зоок иш-чараларына акысыз кирүүнү уюштуруу | 2007-жылдын 3-декабры - 2008-жылдын 3-январы | Маданиятмаалыммин, облустук мамадми- нистрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу-тескөө органдары |
| 7. | Майыптарды кеңири катыштыруу менен региондордо маданий-массалык иш- чараларды уюштуруу жана өткөрүү | 2007-жылдын 3-декабры - 2008-жылдын 3-январы | Маданиятмаалыммин, облустук мамадми- нистрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу-тескөө органдары |
| 8. | Медициналык көрсөткүчү бар муктаж майып пенсионерлерди жеке алга жылуу каражаттары (кресло-коляска) менен камсыз кылуу | Дайыма | Эмгексоцмин, Саламатсакмин |
| 9. | Ар тараптуу колдоо көрсөтүү үчүн министрликтерге, мамлекеттик коми- теттерге, администрациялык ведомстволорго, аткаруу бийлигинин башка органдарына, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу-тескөө органдарына бекитилген интернат үйлөрдүн бекитилген тизмесине ылайык интернат үйлөргө социалдык колдоо көрсөтүү (тамак-аш азыктары, отун, кийим-кече ж.у.с.) | Дайыма | Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу-тескөө органдары |
| 10 | Майыптарга социалдык колдоо жана бир жолку материалдык жардам көрсөтүү максатында кайрымдуулук акцияларын өткөрүү | Дайыма | Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, облустук мамадми- нистрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу-тескөө органдары |
| 11 | Майыптар үчүн мектеп-интернаттарга финансылык жардам, ошондой эле колдоонун башка бардык түрлөрүн көрсөтүү (тамак-аш азыктары, отун, кийим-кечек ж.б.у.с.) | Дайыма | Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, облустук мамадми- нистрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу-тескөө органдары |
| 12 | Майыптарга тиричилик кызматтарынан пайдаланууга финансылык колдоо көрсөтүү (бут кийим оңдоо, кийим- кечени жууп-тазалоо) | 2007-жылдын 3-декабры- нан тартып 2008-жылдын 3-январына чейин | Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, облустук мамадми- нистрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу-тескөө органдары |

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-ноябрындагы № 502-б буйругу менен бекитилген

Ар тараптуу колдоо көрсөтүү үчүн министрликтерге, мамлекеттик

комитеттерге, администрациялык ведомстволорго, аткаруу

бийлигинин башка органдарына, жергиликтүү мамлекеттик

администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун

аткаруу-тескөө органдарына бекитилген интернат-үйлөрдүн

ТИЗМЕСИ

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-январындагы № 15-б буйругунун редакциясына ылайык)

| № | Интернат-үйлөр | Мекемелердин аталыштары |
| --- | --- | --- |
| 1. | Төмөнкү-Серафимовка кары- картаңдар жана майыптар үчүн интернат-үйү | Соцфонд (макулдашуу боюнча), МУКК, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун мамадминистрациясы |
| 2. | Токмок № 1 эркектер психоневрологиялык интернат-үйү | Коргоомин, Миграциямамком, Чүй облусунун Чүй районунун мамадминистрациясы |
| 3. | Токмок № 2 аралаш психонев- рологиялык интернат үйү | Маммүлкком, Токмок шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) |
| 4. | Сокулук кары-картаңдар жана майыптар үчүн интернат-үйү | Юстмин, Салыкмамком, Чүй облусунун Сокулук районунун мамадминистрациясы |
| 5. | (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-январындагы № 15-б буйругунун редакциясына ылайык күчүн жоготту) |  |
| 6. | Бишкек шаардык кары-картаң- дар үчүн интернат-үйү | Экономсоодамин, Монополсаясат агенттиги, Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча), Чегаракызматы |
| 7. | Жайыл аялдар психоневроло- гиялык интернат-үйү | Айылсуучарбамин, Турмамагенттиги, Чүй облусунун Жайыл районунун мамадминистрациясы |
| 8. | Покровка кары-картаңдар жана майыптар үчүн интернат-үйү | Транкоммин, Мамгеология, Финполиция |
| 9. | Бакай-Ата майыптар интернат- үйү | ӨКМ, Динмамагенттиги, Талас облусунун мамадминистрациясы, Талас облусунун Бакай-Ата районунун мамадминистрациясы |
| 10 | Кадамжай аралаш психоневро- логиялык интернат-үйү | Мамкаттоо, Баткен облусунун Кадамжай районунун мамадминистрациясы |
| 11 12 | (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-январындагы № 15-б буйругунун редакциясына ылайык күчүн жоготту) ────────────────────────────┬─────────────────────────────────────┤ Сузак кары-картаңдар жана майыптар үчүн интернат-үйү | Өнөржайэнермин, Мамкурулуш, Жалалабат облусунун мамадминистра- циясы, Жалалабад облусунун Сузак районунун мамадминистрациясы |
| 13 | Ак-Суу аялдар психоневроло- гиялык интернат-үйү | Маданиятмаалыммин, Мамбажыком, Ысык-Көл облусунун мамадминистра- циясы, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун мамадминистрациясы |
| 14 | Сүлүктү жалгыз бой жана кары -картаң жарандар үчүн интернат-үйү | Мамресурагенттиги, Кесиптехмамагент- тик, Баткен облусунун мамадминистрациясы |
| 15 | (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-январындагы № 15-б буйругунун редакциясына ылайык күчүн жоготту) |  |
| 16 | (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-январындагы № 15-б буйругунун редакциясына ылайык күчүн жоготту) |  |
