# КР 2006-жылдын 15-июлундагы № 110 "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2006-жылдын 15-июлундагы № 110 "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 110
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.05.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1900>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1824/edition/719834/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1900.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2006-жылдын 15-июлундагы № 110 "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзамы (16.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1900

---

КР 2016-жылдын 16-майындагы № 60 Мыйзамына ылайык 2017-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2006-жылдын 15-июлу № 110

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу

2006-жылдын 2-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1900/st-1)

"Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жо- горку Кењешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 10, 374-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин: 15-статьяда: жетинчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Жергиликтүү бюджеттердин, ошондой эле ишин токтотпогон чарбакер субъекттердин республикалык бюджеттен берилген ссудалар боюнча бересе- лерин кечүү жөнүндө чечимдерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кабыл алат, ал эми жергиликтүү бюджеттерден берилген ссудалар боюнча береселерин кечүү жөнүндө чечимдерди - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу- чу-тескөөчү органдары айылдык, поселоктук жана шаардык кењештер менен макулдашуу боюнча кабыл алышат. Республикалык бюджеттен берилген ссуда- лар боюнча береселерди төлөөнүн шарттарын өзгөртүү жөнүндө чечимдерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, ал эми жергиликтүү бюджеттерден берилген ссудаларды төлөөнүн шарттарын өзгөртүү жөнүндө чечимдерди - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдары айылдык, поселоктук жана шаардык кењештер менен макулдашуу боюнча кабыл алышат."; статья төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи бөлүк менен толукталсын: "Юридикалык жак банкроттукка байланыштуу жоюлган учурда Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде жана "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте кредитор- дун талаптары аткарылат."; сегизинчи-он үчүнчү бөлүктөр иретине жараша тогузунчу-он төртүнчү бөлүктөр деп эсептелсин.

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1900/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
