9-1-статья. Мамлекеттик келишим боюнча иштерди аткарууда жаратылган ойлоп табууга, пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө патент алуу укугу
Күчүн жоготкон · 23.03.2023 редакциясы · III бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 23 марта 2023 года № 69.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик муктаждыктары үчүн мамлекеттик келишим боюнча иштерди аткарууда жаратылган ойлоп табууга, пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө патент алуу укугу, эгерде мамлекеттик келишимде бул укук Кыргыз Республикасына таандык болору белгиленбесе, мамлекеттик тапшырыкчынын атынан иш жүргүзүүчү аткаруучуга (подрядчыга) таандык болот. Эгерде мамлекеттик келишимге ылайык патент алуу укугу Кыргыз Республикасына таандык болгон учурда, мамлекеттик тапшырыкчы ойлоп табуу, пайдалуу модель, өнөр жай үлгүсү катары укуктук коргоого алууга жарамдуу жыйынтык алынгандыгы жөнүндө аткаруучунун (подрядчынын) жазуу жүзүндөгү кабарлоосунан тартып алты айдын ичинде патент алуу боюнча өтүнмө бере алат. Эгерде көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде мамлекеттик тапшырыкчы патент алуу укугуна өтүнмө бербеген учурда патент алуу укугуна аткаруучу (подрядчы) ээ болот. Эгерде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик муктаждыктары үчүн мамлекеттик келишим боюнча иштерди аткарууда жаратылган ойлоп табууга, пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө патент ушул статьянын биринчи бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасына алынбаса, мамлекеттик тапшырыкчынын талабы боюнча, патент ээси ал көрсөткөн жакка (жактарга) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик муктаждыктары үчүн жумуштарды аткаруу же продукция берүүнү ишке ашыруу максаттарында ойлоп табуунун маалыматтарын, пайдалуу моделди, өнөр жай үлгүсүн пайдаланууга өзгөчөлөнбөгөн төлөөсүз лицензия берүүгө милдеттүү. Ойлоп табуунун, пайдалуу моделдин, өнөр жай үлгүсүнүн патент ээси болбогон авторуна, ушул статьянын биринчи бөлүгүнө ылайык патент алган жак тарабынан сыйакы төлөнүп берилет. Сыйакы төлөөдө тиешелүү түрдө ушул Мыйзамдын 10-статьясынын жоболору колдонулат. Ушул статьянын үчүнчү бөлүгүндө каралган өзгөчөлөнбөгөн төлөөсүз лицензия берүүдө, өзүнүн талабы боюнча ошондой лицензия берилген мамлекеттик тапшырыкчы тарабынан авторго сыйакы төлөнүп берилет. Сыйакы мамлекеттик келишим боюнча жумуштарды аткаруу үчүн мамлекеттик тапшырыкчыга бөлүнүп берилген каражаттардын эсебинен төлөнөт. (КР 2006-жылдын 6-декабрындагы № 200 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 23.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
9-1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/19/st-9-1" title="9-1-статья - Патент мыйзамы (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>