# 8-статья. Өнөр жай менчигинин объектисинин автору

- Документ: [Патент мыйзамы](https://aqlex.ai/kg/doc/19)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 14-январындагы № 8 "Патент мыйзамы" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 14.01.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 марта 2023 года № 69 "Патентный закон"](https://aqlex.ai/kg/doc/112545)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-8/edition/1240534/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Патент мыйзамы, 8-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19/st-8

---

Өзүнүн чыгармачыл эмгеги менен өнөр жай менчигинин объектисин жараткан жеке жак анын автору болуп таанылат. Эгерде өнөр жай менчигинин объектисин жаратууга бир нече жеке жак катышса, алардын баары анын авторлору болуп эсептелинет. Авторлорго тиешелүү укуктардан пайдалануунун тартиби, алардын ортосундагы өз ара келишимде аныкталат. Өнөр жай объектисин жаратууда өзүнүн жекече салымын кошпогон, авторго (авторлорго) техникалык, уюштуруучулук же материалдык гана көмөк көрсөтүшкөн, же болбосо ал объектиге жана аны пайдаланууга укуктарды толтуруп бекемдөөгө гана жардам беришкен жеке жактар автор катары таанылбайт. Авторлук укук ажыратылгыс жекече укук болуп саналат жана мөөнөтсүз корголот.

---

Мурунку берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/19/st-7)  
Кийинки берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/19/st-9)
