# 7-статья. Өнөр жай үлгүсүнүн патентке жарамдуулугунун шарттары

- Документ: [Патент мыйзамы](https://aqlex.ai/kg/doc/19)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 14-январындагы № 8 "Патент мыйзамы" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 14.01.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 марта 2023 года № 69 "Патентный закон"](https://aqlex.ai/kg/doc/112545)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-8/edition/1240534/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Патент мыйзамы, 7-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19/st-7

---

Буюмдун тышкы көрүнүшүн аныктоочу, анын көркөмдүк - конструктордук жактан чечилиши өнөр жай үлгүсүнө кирет. Мында буюм деп өнөр жайында же кол өнөрчүлүгүндө жасалган буюм түшүнүлөт. Өнөр жай үлгүсү катары өтүнмө берилген объект, эгерде жаңы, оригиналдуу болсо, ал укуктук жактан корголот. Эгерде буюмдун сүрөттөрүндө (макетинде) берилген жана маанилүү белгилердин тизмесинде келтирилген маанилүү белгилеринин жыйындысы өнөр жай үлгүсүнүн приоритет күнүнө чейинки дүйнөдөгү жалпыга белгилүү маалыматтарда белгисиз болсо, ал өнөр жай үлгүсү жаңы деп таанылат. Өнөр жай үлгүсүнүн жаңылыгын аныктоодо, Кыргыз Республикасында өнөр жай үлгүлөрүнө башка адамдар тарабынан мурда берилген, кайра чакыртылып алынбаган өтүнмөлөр жана Кыргыз Республикасында патенттелген өнөр жай үлгүлөрү да эске алынат. Өнөр жай үлгүсү, эгерде анын маанилүү белгилери буюмдун өзгөчөлүгүнүн чыгармачыл мүнөзүн шарттаса, оригиналдуу деп таанылат. Өнөр жай үлгүсүнүн маанилүү белгилерине буюмдун сырткы көрүнүшүнүн эстетикалык жана (же) эргономикалык өзгөчөлүктөрүн, анын формасын жана конфигурациясын, оймо-чиймесин жана түс айкалышын аныктоочу белгилер кирет. Өнөр жай үлгүсүнө тиешелүү маалыматтын өтүнмө берүүчү, автор же бул маалыматты автордон түздөн-түз же кыйыр түрдө алган ар кандай адам тарабынан ачык жарыяланышы, мында өнөр жай үлгүсүнүн маани-маңызы тууралу кабарлар өтүнмө берилген же эгерде суралып алынса, приоритет күнүнө чейин алты айдан мурда эмес жалпыга белгилүү болуп калса, өнөр жай үлгүсүнүн патентке жарамдуулугуна таасир берүүчү жагдай деп таанылбайт. Мында бул фактыны далилдөө милдети өтүнмө берүүчүгө жүктөлөт. Төмөндөгүлөр:

1) буюмдун жалаң гана техникалык милдеттери менен шартталган чечилиштер;

2) өнөр жайлык, гидротехникалык жана башка кыймылсыз курулуштардын архитектураларынын (чакан архитектуралык формаларынан башкасы) объекттери;

3) басма сөз продукциясы турган турпатында;

4) суюк, газ сымак, чубурма же ушуларга окшош заттардан турган туруксуз формадагы объекттер;

5) коомдук таламдарга, гумандуулук жана моралдык принциптерге карама-каршы келүүчү буюмдар өнөр жай үлгүлөрү катары таанылбайт.

---

Мурунку берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/19/st-6)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/19/st-8)
