# 6-статья. Пайдалуу моделдин патентке жарамдуулугунун шарттары

- Документ: [Патент мыйзамы](https://aqlex.ai/kg/doc/19)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 14-январындагы № 8 "Патент мыйзамы" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 14.01.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 марта 2023 года № 69 "Патентный закон"](https://aqlex.ai/kg/doc/112545)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-8/edition/1240534/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Патент мыйзамы, 6-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19/st-6

---

Пайдалуу моделдерге түзүлүштөр кирет. Пайдалуу модель катары өтүнмө берилген объект, эгерде ал жаңы жана өнөр жайында пайдаланууга жарамдуу болсо, укуктук жактан коргоого алынат. Эгерде пайдалуу моделдин маанилүү белгилеринин жыйындысы техниканын деңгээлинде али белгилүү болбосо, ал жаңы деп эсептелинет. Техниканын деңгээли жөнүндөгү маалыматтар пайдалуу моделге өтүнмө берүүнүн приоритет күнүнө чейин жалпыга белгилүү болуп калган, өтүнмө берилген пайдалуу моделге окшош түзүлүштөр жөнүндөгү дүйнөдө жарыяланган маалыматтарды, алардын Кыргыз Республикасында колдонулушу жөнүндөгү маалыматтарды, Кыргыз Республикасында мурда башка адамдар тарабынан кайра чакыртылып алына элек ойлоп табууларга жана пайдалуу моделдерге өтүнмөлөрдү жана Кыргыз Республикасында патенттелген ойлоп табууларды жана пайдалуу моделдерди камтыйт. Пайдалуу моделге тиешелүү маалыматтын өтүнмө берүүчү, автор же бул маалыматты автордон түздөн-түз же кыйыр түрдө алган ар кандай адам тарабынан ачык жарыяланышы, мында пайдалануу моделдин маани-маңызы тууралу кабарлар өтүнмө берилген же эгерде ал суралып алынса, приоритет күнүнө чейин алты айдан мурда эмес жалпыга белгилүү болуп калса, пайдалуу моделдин жаңылыгына таасир берүүчү жагдай катары таанылбайт. Мында бул фактыны далилдөө милдети өтүнмөнүн ээсине жүктөлөт. Эгерде пайдалуу моделди иш жүзүндө пайдаланууга мүмкүн болсо, анда ал өнөр жайында пайдаланууга жарамдуу болуп эсептелет. Ушул Мыйзамдын 5-статьясынын тогузунчу бөлүгүндө көрсөтүлгөн объекттер пайдалуу моделдер катары корголбойт.

---

Мурунку берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/19/st-5)  
Кийинки берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/19/st-7)
