Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
5-статья. Ойлоп табуунун патентке жарамдуулугунун шарттары
Күчүн жоготкон · 23.03.2023 редакциясы · II бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 23 марта 2023 года № 69.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 25 января 2013 года № 8
Эгерде ойлоп табуу катары сунуш кылынган объект жаңы, ойлоп табуучулук деңгээлде болсо жана өнөр жайында колдонууга жараса, ал укуктук жактан коргоого алынат. Эгерде ойлоп табуу техниканын деңгээлинде белгисиз болсо, ал жаңы деп эсептелет. Эгерде ойлоп табуу ушул тармактагы адис үчүн техниканын деңгээлинен ачык көрүнүп турбаса, ал ойлоп табуучулук деңгээлге ээ болот. Ойлоп табуучулук деңгээлди аныктоочу адиске карата коюлуучу талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. Техниканын деңгээли ойлоп табуунун приоритет күнүнө чейин дүйнөдө жалпыга белгилүү болгон маалыматтардын кайсынысын болбосун камтыйт. Ойлоп табуунун жаңылыгын аныктоодо техникалык деңгээлдин маалыматтарына Кыргызпатентке мурда берилген башка авторлордун кайра чакырылып алынбаган мурда приоритетке ээ болгон өтүнмөлөрү жана Кыргыз Республикасында патенттелген ойлоп табуулар жана пайдалуу моделдер да кирет. Эгерде ойлоп табуу өнөр жайында, айыл чарбасында, саламаттык сактоодо жана эл чарбасынын башка тармактарында пайдаланылышы мүмкүн болсо, өнөр жайында колдонууга жарамдуу деп эсептелет. Ойлоп табууга тиешелүү маалыматтын өтүнмө берүүчү, автор же бул маалыматты автордон түздөн-түз же кыйыр түрдө алган ар кандай адам тарабынан ачык жарыяланышы, мында ойлоп табуунун маани-маңызы тууралу кабарлар өтүнмө берилген же эгерде ал суралып алынса, приоритет күнүнө чейин он эки айдан мурда эмес жалпыга белгилүү болуп калса, ойлоп табуунун патентке жарамдуулугуна таасир берүүчү жагдай катары таанылбайт. Мында бул фактыны далилдөө милдети өтүнмө берүүчүгө жүктөлөт. Түзүлүш, ыкма, зат, микроорганизмдин штаммы, өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын жаңы клеткалары, ошондой эле мурда белгилүү болгон түзүлүштү, ыкманы, затты, штаммдарды жаңыча түрдө колдонуу, же техника менен технологиянын бардык тармактарындагы жаңы жетишкендиктердин кайсынысы болбосун ойлоп табуунун объекттери боло алышат. Төмөнкүлөр ойлоп табуу катары таанылбайт:
1) ачылыштар;
2) илимий теориялар жана математикалык методдор;
3) чарбаны уюштуруунун жана башкаруунун методдору;
4) шарттуу белгилер, расписаниелер, эрежелер;
5) акыл операцияларын аткаруунун, оюн өткөрүүнүн эрежелери жана методдору:
6) алгоритмдер жана эсептөөчү машиналар үчүн программалар турган турпатында;
7) маалымат берүүдөн гана турган чечимдер;
8) курулуштарды, имараттарды, аймактарды пландаштыруунун долбоорлору жана схемалары;
9) эстетикалык таламдарды канааттандырууга багытталган буюмдардын тышкы түрүнө гана тиешелүү сунуштар;
10) интегралдык микросхемалардын топологиялары;
11) өсүмдүктөрдүн сорттору жана жаныбарлардын тукуму;
12) коомдук таламдарга, гумандуулук жана моралдык принциптерге карама-каршы келүүчү, айлана-чөйрөгө зыян келтирүүчү сунуштар.
Ушул статьянын 9-бөлүгүнүн 6, 10, 11-пункттарында саналып өткөн объекттер өзүнчө мыйзамдар менен корголот. Ойлоп табуунун курамында эсептөөчү машиналар үчүн алгоритмдердин жана программалардын болушу, эгерде булар ойлоп табуунун бир бөлүгү болуп саналса, ойлоп табуунун патентке жарамдуулугуна таасир этүүчү жагдай болуп таанылбайт. (КР 2013-жылдын 25-январындагы № 8 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 23.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/19/st-5" title="5-статья - Патент мыйзамы (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>