# 41-статья. Өтмө жоболор

- Документ: [Патент мыйзамы](https://aqlex.ai/kg/doc/19)
- Документтеги орду: IX бөлүм
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 14-январындагы № 8 "Патент мыйзамы" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 14.01.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 марта 2023 года № 69 "Патентный закон"](https://aqlex.ai/kg/doc/112545)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 27 февраля 2003 года № 46 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1170)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/19#diff=1240535..1240536>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19/st-41>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-8/edition/1240534/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19/st-41.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Патент мыйзамы, 41-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19/st-41

---

Бирдиктүү коргоо документине (патентке) өтүүгө байланыштуу ушул Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө жана толуктоолорго ылайык, төмөндөгүлөр белгиленсин:

1) бирдиктүү коргоо документине (патентке) өтүүнү караштырган Мыйзам күчүнө киргенге чейин иш кагаздарына карата кабыл алынган ойлоп табууларга же өнөр жай үлгүлөрүнө Кыргыз Республикасынын алдын ала патентин берүүгө өтүнмөлөр боюнча өтүнмө ээси негизги калысбааны өткөрүү менен ойлоп табууга же өнөр жай үлгүсүнө Кыргыз Республикасынын патентин берүү жөнүндө же тиешелүү алым төлөө жөнүндө талаптарды сактаганда өтүнмө ээсине жоопкерчиликти жүктөө менен патент берүү жөнүндө өтүнүч берүүгө укуктуу. Эгерде өтүнмө ээси чара көрбөсө өтүнмө чакыртып алынды деп эсептелинет;

2) бирдиктүү коргоо документине (патентке) өтүүнү караштырган Мыйзам күчүнө киргенге чейинки ойлоп табууга же өнөр жай үлгүсүнө Кыргыз Республикасынын колдонуудагы патенттери боюнча өтүнмө берген күнүнөн тартып 5 жылдык мөөнөт бүтө элек болсо, алдын ала патенттин ээси калысбаа өткөрүү менен ойлоп табууга же өнөр жай үлгүсүнө Кыргыз Республикасынын патентин берүү жөнүндө өтүнүүгө укуктуу. Эгерде мындай расмий өтүнүч болбосо, Кыргыз Республикасынын патенти калган мөөнөткө өтүнмө ээсине жоопкерчилик жүктөө менен Кыргыз Республикасынын патентине кайрадан жол-жоболоштурулат;

3) бирдиктүү коргоо документине (патентке) өтүүнү караштырган мыйзам күчүнө киргенге чейинки ойлоп табууга, же өнөр жай үлгүсүнө Кыргыз Республикасынын колдонуудагы алдын ала патенттери боюнча өтүнмө берген күнүнөн тартып 5 жылдык мөөнөт бүткөн болсо, алар калган мөөнөткө өтүнмө ээсине жоопкерчилик жүктөө менен Кыргыз Республикасынын патенттерине кайрадан жол-жоболоштурулат;

4) бирдиктүү коргоо документине (патентке) өтүүнү караштырган Мыйзам күчүнө киргенге чейинки иш кагаздарына кабыл алынган пайдалуу моделге Кыргыз Республикасынын күбөлүгүн берүүгө өтүнмөлөр боюнча тиешелүү алым төлөө жөнүндө талаптар сакталганда пайдалуу моделге Кыргыз Республикасынын патентин берүү жөнүндө чечим чыгарылат;

5) пайдалуу моделге колдонулуучу Кыргыз Республикасынын күбөлүктөрү Кыргыз Республикасынын пайдалуу моделинин патентине кайрадан жоболоштурулат.

Жогоруда көрсөтүлгөн жол-жоболорду өткөрүүнүн мөөнөттөрү менен тартиби Кыргызпатент тарабынан аныкталат. (КР 2003-жылдын 27-февралындагы № 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [40-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/19/st-40)  
Кийинки берене: [42-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/19/st-42)
