# 4-статья. Патенттин күчүндө болуу мөөнөтү

- Документ: [Патент мыйзамы](https://aqlex.ai/kg/doc/19)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 14-январындагы № 8 "Патент мыйзамы" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 14.01.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 марта 2023 года № 69 "Патентный закон"](https://aqlex.ai/kg/doc/112545)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 апреля 2015 года № 76 "О внесении изменений и дополнений в Патентный закон Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111119)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 10.04.2015 [Закон КР от 10 апреля 2015 года № 76 "О внесении изменений и дополнений в Патентный закон Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111119); 06.12.2006 [Закон КРот 6 декабря 2006 года №200 "О внесении дополнений и изменений в Патентный закон Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1998); 27.02.2003 [Закон КР от 27 февраля 2003 года № 46 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1170)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/19#diff=1240538..1240539>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-8/edition/1240534/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Патент мыйзамы, 4-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19/st-4

---

Ойлоп табууга патент Кыргызпатентке өтүнмө берилген күндөн тартып жыйырма жыл бою күчүндө болот. Пайдалуу моделге патент Кырызпатентке өтүнмө берилген күндөн тартып беш жыл бою күчүндө болот. Пайдалуу моделге патенттин күчүндө болуу мөөнөтү анын ээсинин өтүнүчү боюнча Кыргызпатент тарабынан узартылат, бирок үч жылдан ашпайт. Өнөр жай үлгүсүнө патент Кыргызпатентке өтүнмө берилген күндөн тартып он жыл бою күчүндө болот. Өнөр жай үлгүсүнө патенттин күчүндө болуу мөөнөтү патент ээсинин өтүнүчү боюнча Кыргызпатент тарабынан узартылат, бирок беш жылдан ашпайт. Ойлоп табуунун, пайдалуу моделдин же өнөр жай үлгүсүнүн патентинин аракет мөөнөтүн узартуунун тартиби интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленет. (КР 2003-жылдын 27-февралындагы № 46, 2006-жылдын 6-декабрындагы № 200, 2015-жылдын 10-апрелиндеги № 76 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Караңыз: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-январындагы № 7 "Фармацевтикага тийиштүү болгон ойлоп табууга берилген Кыргыз Республикасынын патентинин колдонуу мөөнөтүн узартуунун эрежелерин, Пайдалуу моделге берилген Кыргыз Республикасынын патентинин колдонуу мөөнөтүн узартуунун эрежелерин, Өнөр жай үлгүсүнө берилген Кыргыз Республикасынын патентинин колдонуу мөөнөтүн узартуунун эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому

---

Мурунку берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/19/st-3)  
Кийинки берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/19/st-5)
