# 38-статья. Өнөр жай менчигинин объектисин чет өлкөлөрдө патенттөө

- Документ: [Патент мыйзамы](https://aqlex.ai/kg/doc/19)
- Документтеги орду: IX бөлүм
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 14-январындагы № 8 "Патент мыйзамы" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 14.01.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 марта 2023 года № 69 "Патентный закон"](https://aqlex.ai/kg/doc/112545)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19/st-38>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-8/edition/1240534/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19/st-38.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Патент мыйзамы, 38-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19/st-38

---

Кыргыз Республикасында түзүлгөн өнөр жай менчигинин объекттерине чет өлкөлөргө өтүнмөлөрдү берүү, Кыргызпатентке тийиштүү өтүнмө берилгенден үч айдан кийин ишке ашырылат. Кыргызпатент зарыл учурларда, Кыргызпатент тарабынан белгиленген тартипте өтүнмөдө мамлекеттик жашыруун сырды түзгөн маалыматтардын бар-жогун текшерүүнү аяктагандан кийин өнөр жай менчигинин объекттерин, көрсөтүлгөн мөөнөттөн мурда, чет өлкөлөрдө патенттөөгө уруксат бере алат. Кыргыз Республикасында түзүлгөн өнөр жай менчигинин объекттерине карата чет өлкөлөргө же эл аралык уюмдарга өтүнмө ушул статьяда белгиленген тартиптин бузулушу менен берилген учурда, Кыргыз Республикасындагы ошол өнөр жай менчигинин объектисине коргоо документи берилбейт.

---

Мурунку берене: [37-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/19/st-37)  
Кийинки берене: [39-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/19/st-39)
