# 35-статья. Талаш-тартыштарды сот тартибинде кароо

- Документ: [Патент мыйзамы](https://aqlex.ai/kg/doc/19)
- Документтеги орду: VIII бөлүм
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 14-январындагы № 8 "Патент мыйзамы" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 14.01.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 марта 2023 года № 69 "Патентный закон"](https://aqlex.ai/kg/doc/112545)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19/st-35>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-8/edition/1240534/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19/st-35.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Патент мыйзамы, 35-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19/st-35

---

Ушул Мыйзамды колдонууга байланыштуу талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каралат. Соттор, өздөрүнүн компетенциясына ылайык төмөндөгүдөй:

1) өнөр жай менчигинин объекттерине авторлук жөнүндө;

2) коргоо документин берүү жөнүндө;

3) патент ээсин аныктоо жөнүндө;

4) мажбурлоо лицензиясын берүү жөнүндө;

5) өнөр жай менчигинин объектисин пайдаланууга бирден бир укукту жана патент ээсинин башка мүлктүк укуктарын бузуу жөнүндө;

6) өнөр жай менчигинин корголуучу объектисин пайдаланууга лицензиялык келишимдерди түзүү жана аларды аткаруу жөнүндө;

7) мурда пайдалануу укугу жөнүндө;

8) ушул Мыйзамдын 10 -статьясынын биринчи бөлүгүндө каралган келишимге ылайык жумуш берүүчү тарабынан авторго сый акы төлөп берүү жөнүндө талаш-тартыштарды;

9) укуктарды коргоого байланышкан башка талаш-тартыштарды карашат.

---

Мурунку берене: [34-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/19/st-34)  
Кийинки берене: [36-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/19/st-36)
