# 34-статья. Өнөр жай менчигинин объекттерин жаратууга жана пайдала нууга мамлекеттик жактан түрткү берүү

- Документ: [Патент мыйзамы](https://aqlex.ai/kg/doc/19)
- Документтеги орду: VII бөлүм
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 14-январындагы № 8 "Патент мыйзамы" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 14.01.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 марта 2023 года № 69 "Патентный закон"](https://aqlex.ai/kg/doc/112545)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 мая 2018 года № 55 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам неналоговых доходов, внутреннего аудита и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111788)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/19#diff=1240539..1240540>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19/st-34>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-8/edition/1240534/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19/st-34.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Патент мыйзамы, 34-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19/st-34

---

Илимий-техникалык өнүгүүгө түрткү берүү, Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык потенциалын чыңдоо, техникалык жана көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүү, ошондой эле өнөр жай менчигинин объекттерин түзүү жана пайдалануу максаттарында Кыргызпатенттин алдында Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик фондусу түзүлөт (мындан ары - Мамлекеттик фонд). Мамлекеттик фонд патенттелген өнөр жай менчигинин объекттерине карата аларды өндүрүшкө жайылтуу жана мамлекеттин кызыкчылыгына пайдалануу максатында мамлекеттин атынан патент ээсинин укугун сатып алууга акылуу. Мамлекеттик фонд өзүнүн ишин Кыргызпатент тарабынан бекитилген Жобого ылайык жүргүзөт. Мамлекеттик фондду каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат. Мамлекет өнөр жай менчигинин объекттерин пайдаланган авторлорго жана чарба жүргүзүүчү субъекттерге салык салуунун жеңил шартын орнотот, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аларга башка укуктарды жана жеңилдиктерди берет. (КР 2018-жылдын 26-майындагы № 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [33-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/19/st-33)  
Кийинки берене: [35-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/19/st-35)
