# 321-статья. Патенттин колдонулушун калыбына келтирүү. Кийин пайдалануу укугу

- Документ: [Патент мыйзамы](https://aqlex.ai/kg/doc/19)
- Документтеги орду: VI бөлүм
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 14-январындагы № 8 "Патент мыйзамы" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 14.01.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 марта 2023 года № 69 "Патентный закон"](https://aqlex.ai/kg/doc/112545)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 января 2013 года № 8 "О внесении изменений и дополнений в Патентный закон Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203815)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/19#diff=1240537..1240538>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19/st-321>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-8/edition/1240534/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19/st-321.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Патент мыйзамы, 321-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19/st-321

---

Эгерде ойлоп табууга патенттин колдонулушу патентти күчүндө кармап туруу үчүн белгиленген мөөнөттө алым төлөнбөгөндүгүнүн айынан токтотулса жана патенттин колдонулушунун мөөнөтү өтө элек болсо, анда анын ээсинин өтүнмөсү боюнча алым боюнча карызды жана ушундай өтүнмө бергендиги үчүн белгиленген өлчөмдөгү алым төлөнгөн шартта мындай патенттин колдонулушу Кыргызпатент тарабынан калыбына келтирилиши мүмкүн. Ойлоп табууга патенттин колдонулушун калыбына келтирүү жөнүндө маалыматтар Кыргызпатенттин расмий бюллетенинде жарыяланат. Ушул статьянын 1-бөлүгүнө ылайык аны калыбына келтирүү датасына чейин ойлоп табууга патенттин колдонулушу токтотулган учурдан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланган же ага карата зарыл болгон даярдыктарды жасаган кандай гана болбосун жеке же юридикалык жак мындай пайдалануунун көлөмүн кеңейтпестен аны андан ары акысыз пайдалануу укугун сактап калат (кийин пайдалануу укугу). (КР 2013-жылдын 25-январындагы № 8 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [32-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/19/st-32)  
Кийинки берене: [33-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/19/st-33)
