# 31-статья. Патенттерди талашуу

- Документ: [Патент мыйзамы](https://aqlex.ai/kg/doc/19)
- Документтеги орду: VI бөлүм
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 14-январындагы № 8 "Патент мыйзамы" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 14.01.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 марта 2023 года № 69 "Патентный закон"](https://aqlex.ai/kg/doc/112545)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-8/edition/1240534/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Патент мыйзамы, 31-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19/st-31

---

Патент анын бүткүл аракет мөөнөтү ичинде аны берүүгө каршылык билдирилген төмөнкүдөй учурларда:

1) ушул Мыйзамда белгилеген патентке жарамдуулук шарттарына корголуучу чечим ылайык келбесе;

2) ойлоп табуунун, пайдалуу моделдин формуласында же өнөр жай үлгүсүнүн маанилүү белгилеринин тизмесинде өтүнмөнүн эң алгачкы материалдарында жок белгилер бар болсо;

3) алдын ала патентте, патентте же күбөлүктө автор (авторлор) же алардын ээлери туура эмес көрсөтүлсө толук же жарым-жартылай жараксыз деп табылышы мүмкүн.

Каршылык билдирүүчү адам аны негиздөөгө, ошондой эле алым төлөнгөндүгү жөнүндө документ тапшырууга милдеттүү. Коргоо документин берүүгө ушул статьянын 1-2-пункттарында каралган негиздер боюнча каршылык билдирүү, ал келип түшкөн күндөн тартып алты айлык мөөнөт ичинде Апелляциялык кеңеш тарабынан каралып чыгууга тийиш; патент ээси каршылык билдирүү менен тааныштырылууга тийиш. Каршылык билдирген адам, ошондой эле патент ээси аны карап чыгууга катыша алышат. Мында Апелляциялык кеңеш патент берүүгө каршылык билдирүүдө көрсөтүлгөн далилдердин чегинен чыкпайт. Коргоо документин берүүгө карата каршылык билдирүү жөнүндөгү Апелляциялык кеңештин чечимине макул болбогон учурда тараптардын кайсынысы болбосун чечим кабыл алынган учурдан тартып алты айлык мөөнөт ичинде сотко доо коюп кайрыла алат.

---

Мурунку берене: [30-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/19/st-30)  
Кийинки берене: [32-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/19/st-32)
