31-статья. Патенттерди талашуу
Күчүн жоготкон · 23.03.2023 редакциясы · VI бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 23 марта 2023 года № 69.
Патент анын бүткүл аракет мөөнөтү ичинде аны берүүгө каршылык билдирилген төмөнкүдөй учурларда:
1) ушул Мыйзамда белгилеген патентке жарамдуулук шарттарына корголуучу чечим ылайык келбесе;
2) ойлоп табуунун, пайдалуу моделдин формуласында же өнөр жай үлгүсүнүн маанилүү белгилеринин тизмесинде өтүнмөнүн эң алгачкы материалдарында жок белгилер бар болсо;
3) алдын ала патентте, патентте же күбөлүктө автор (авторлор) же алардын ээлери туура эмес көрсөтүлсө толук же жарым-жартылай жараксыз деп табылышы мүмкүн.
Каршылык билдирүүчү адам аны негиздөөгө, ошондой эле алым төлөнгөндүгү жөнүндө документ тапшырууга милдеттүү. Коргоо документин берүүгө ушул статьянын 1-2-пункттарында каралган негиздер боюнча каршылык билдирүү, ал келип түшкөн күндөн тартып алты айлык мөөнөт ичинде Апелляциялык кеңеш тарабынан каралып чыгууга тийиш; патент ээси каршылык билдирүү менен тааныштырылууга тийиш. Каршылык билдирген адам, ошондой эле патент ээси аны карап чыгууга катыша алышат. Мында Апелляциялык кеңеш патент берүүгө каршылык билдирүүдө көрсөтүлгөн далилдердин чегинен чыкпайт. Коргоо документин берүүгө карата каршылык билдирүү жөнүндөгү Апелляциялык кеңештин чечимине макул болбогон учурда тараптардын кайсынысы болбосун чечим кабыл алынган учурдан тартып алты айлык мөөнөт ичинде сотко доо коюп кайрыла алат.
Берененин тексти 23.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
31-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/19/st-31" title="31-статья - Патент мыйзамы (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>