# 3-статья. Өнөр жай менчигинин объекттерин укуктук жактан коргоо

- Документ: [Патент мыйзамы](https://aqlex.ai/kg/doc/19)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 14-январындагы № 8 "Патент мыйзамы" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 14.01.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 марта 2023 года № 69 "Патентный закон"](https://aqlex.ai/kg/doc/112545)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 27 февраля 2003 года № 46 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1170)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/19#diff=1240535..1240536>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-8/edition/1240534/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Патент мыйзамы, 3-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19/st-3

---

Өнөр жай менчигинин объектине болгон укук ушул Мыйзам менен корголот жана патент менен ырасталат, ал өнөр жай менчигинин объектине болгон патент ээсинин артыкчылыгын, авторлугун жана өзгөчө укугун тастыктайт. Алдын ала патент, ойлоп табууга патент жана пайдалуу моделге күбөлүк тарабынан берилүүчү укуктук коргоонун көлөмү алардын формуласы менен, ал эми өнөр жай үлгүсүнө алдын ала патент, патент тарабынан берилүүчү укуктук коргоонун көлөмү - буюмдардын сүрөтүндө (макетте) көрсөтүлгөн жана маанилүү белгилеринин тизмесинде келтирилген маанилүү белгилеринин жыйындысы менен аныкталат. Мамлекет тарабынан жашыруун деп таанылган өнөр жай менчигинин объекттерин укуктук коргоо Кыргыз Республикасынын мыйзам жоболору аркылуу жөнгө салынат. (КР 2003-жылдын 27-февралындагы № 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Караңыз: КР Өкмөтүнүн 2000-жылдын 27-апрелиндеги № 242 "Кыргыз Республикасынын жашыруун ойлоп табуулар, пайдалуу моделдер жана өнөр жай үлгүлөрү жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтому

---

Мурунку берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/19/st-2)  
Кийинки берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/19/st-4)
