# 27-статья. Өнөр жай үлгүсүнө өтүнмөнү калысбаадан өткөрүү

- Документ: [Патент мыйзамы](https://aqlex.ai/kg/doc/19)
- Документтеги орду: V бөлүм
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 14-январындагы № 8 "Патент мыйзамы" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 14.01.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 марта 2023 года № 69 "Патентный закон"](https://aqlex.ai/kg/doc/112545)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 27 февраля 2003 года № 46 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1170)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/19#diff=1240535..1240536>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-8/edition/1240534/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Патент мыйзамы, 27-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19/st-27

---

Өнөр жай үлгүсүнө өтүнмө боюнча Кыргызпатент формалдуу жана алдын ала калысбаа өткөрөт. Өтүнмө менен бир эле мезгилде берилиши мүмкүн болгон же ал берилген күндөн тартып он эки айдын ичинде берилген өтүнмө ээсинин расмий өтүнүчүн кароо аны маани-мазмуну жагынан негизги калысбаадан өткөрүп же өткөрбөстөн эле ишке ашырылышы мүмкүн. Эгерде расмий өтүнүч көрсөтүлгөн мөөнөттө берилбесе, өтүнмө чакыртып алынды деп табылат. Өнөр жай үлгүсүнө өтүнмөнү формалдуу калысбаадан өткөргөндө ушул Мыйзамдын 23-1-статьясында камтылган жоболор тийиштүү түрдө колдонулат. Өтүнмөнү алдын ала калысбаадан өткөргөндө Кыргызпатент төрт ай ичинде өтүнмөнүн документтеринин мазмунуна карата белгиленген талаптардын сакталгандыгын, билдирилген өнөр жай үлгүсүнүн өтүнмө ээси берген материалдарынын патентке жарамдуулугун Кыргызпатент берген коргоо документтеринин фондуна, алда канча мурдараак алынган артыкчылыктары чакыртып алынбаган өтүнмөлөргө ылайык келишин текшерет, өнөр жай үлгүсүнүн артыкчылыгын белгилейт, өтүнмөнүн өнөр жай үлгүсүнүн биримдүүлүк талаптарына туура келишин текшерет. Өнөр жай үлгүсүнө өтүнмөнү алдын ала калысбаадан өткөргөндө тийиштүү түрдө ушул Мыйзамдын 23-2-статьясынын үчүнчү-он бешинчи, он сегизинчи бөлүктөрүндө камтылган жоболор колдонулат. Өтүнмө ээсинин же үчүнчү жактардын расмий өтүнүчү боюнча Кыргызпатент өтүнүч берилген күндөн тартып он эки айдын ичинде өтүнмөнү маани-мазмун жагынан калысбаадан өткөрөт. Өтүнмө ээсине үчүнчү жактардан түшкөн расмий өтүнүчтөр жөнүндө кабарланат. Өтүнмөнү маани-мазмун жагынан калысбаадан өткөргөндө тийиштүү түрдө ушул Мыйзамдын 24-статьясынын экинчи-он үчүнчү бөлүктөрүндө камтылган жоболор колдонулат. (КР 2003-жылдын 27-февралындагы № 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [26-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/19/st-26)  
Кийинки берене: [28-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/19/st-28)
