# 25-статья. Пайдалуу моделге өтүнмөнү калысбаадан өткөрүү

- Документ: [Патент мыйзамы](https://aqlex.ai/kg/doc/19)
- Документтеги орду: V бөлүм
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 14-январындагы № 8 "Патент мыйзамы" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 14.01.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 марта 2023 года № 69 "Патентный закон"](https://aqlex.ai/kg/doc/112545)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КРот 6 декабря 2006 года №200 "О внесении дополнений и изменений в Патентный закон Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1998)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.12.2006 [Закон КРот 6 декабря 2006 года №200 "О внесении дополнений и изменений в Патентный закон Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1998); 27.02.2003 [Закон КР от 27 февраля 2003 года № 46 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1170)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/19#diff=1240536..1240537>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-8/edition/1240534/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Патент мыйзамы, 25-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19/st-25

---

Пайдалуу моделге өтүнмө боюнча Кыргызпатент формалдуу жана алдын ала калысбаа өткөрөт. Пайдалуу моделге өтүнмөнүн формалдуу калысбаасын өткөргөн учурда ушул Мыйзамдын 23-1-статьясында каралган жоболор тиешелүү даражада колдонулат. Пайдалуу моделге өтүнмөнүн алдын ала калысбаасын өткөргөн учурда Мыйзамдын 23-2-статьясынын биринчи-онунчу, он үчүнчү-он бешинчи бөлүктөрүндө жана 24-статьясынын он биринчи-он үчүнчү бөлүктөрүндө каралган жоболор тиешелүү даражада ылайык колдонулат. Алдын ала калысбаадан оң жыйынтык менен өткөн өтүнмө боюнча пайдалуу моделге патент берүү жөнүндө чечим чыгарылат жана патент өтүнмө ээсинин жоопкерчилиги менен берилет. (КР 2003-жылдын 27-февралындагы № 46, 2006-жылдын 6-декабрындагы № 200 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [24-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/19/st-24)  
Кийинки берене: [26-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/19/st-26)
