# 24-статья. Маани-мазмун жагындагы ойлоп табууга өтүнмөнү калысбаадан өткөрүү

- Документ: [Патент мыйзамы](https://aqlex.ai/kg/doc/19)
- Документтеги орду: V бөлүм
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 14-январындагы № 8 "Патент мыйзамы" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 14.01.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 марта 2023 года № 69 "Патентный закон"](https://aqlex.ai/kg/doc/112545)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КРот 6 декабря 2006 года №200 "О внесении дополнений и изменений в Патентный закон Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1998)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.12.2006 [Закон КРот 6 декабря 2006 года №200 "О внесении дополнений и изменений в Патентный закон Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1998); 27.02.2003 [Закон КР от 27 февраля 2003 года № 46 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1170)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/19#diff=1240536..1240537>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-8/edition/1240534/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Патент мыйзамы, 24-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19/st-24

---

Кыргызпатент өтүнүч берилген күндөн тартып он сегиз айдын ичинде өтүнмөнү маани-мазмун жагынан калысбаадан өткөрөт. Өтүнмө ээси үчүнчү жактардан келип түшкөн өтүнүчтөр тууралу кабарланат. Өтүнмөнү маани-мазмун жагынан калысбаадан өткөрүүдө билдирилген ойлоп табуунун ушул Мыйзамдын 5-статьясында аныкталган патент жарамдуулугунун шарттарына ылайык келиши текшерилет. Өтүнмөнү маани-мазмун жагынан калысбаадан өткөрүү мезгилинде Кыргызпатент ансыз калысбаа өткөрүүгө мүмкүн болбогон кошумча материалдарды, анын ичинде ойлоп табуунун өзгөртүлгөн формуласын өтүнмөнүн ээсинен талап кылууга укуктуу. Кошумча материалдар калысбаанын суроо-талабы боюнча келип түшкөн күндөн тартып эки айлык мөөнөттүн ичинде ойлоп табуунун маани-маңызы өзгөртүлбөстөн берилиши керек. Эгерде өтүнмө ээси белгиленген мөөнөттүн ичинде суралган материалды бербесе же белгиленген мөөнөттү узартуу жөнүндө өтүнүч кылбаса өтүнмө чакыртылып алынган болуп таанылат. Ойлоп табуунун маани-маңызын өзгөртүп жиберүүчү бөлүгүндө, кошумча материалдарга карата ушул статьянын он биринчи жана он экинчи бөлүктөрүндөгү жана 23-2-статьянын төртүнчү жана бешинчи бөлүктөрүндөгү тартип жайылтылат. Эгерде өтүнмөнү маани-мазмун жагынан калысбаадан өткөрүүнүн жыйынтыгында Кыргызпатент билдирилген сунуштун өтүнмө ээси сураган укуктук коргоонун көлөмүндө ойлоп табуунун патентке жарамдуулук шарттарына дал келишин аныктаса, ойлоп табуунун өтүнмө ээси сунуш кылган жана ал макул болгон формуласы менен патент берүү жөнүндө чечим чыгарылат. Билдирилген сунуштун өтүнмө ээси суранган укуктук коргоонун көлөмүндө ойлоп табуунун патент жарамдуулугунун шарттарына дал келбеси аныкталган учурда патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылат. Өтүнмө ээси маани-мазмун жагынан калысбаанын патент берүүдөн баш тартышы тууралу чечимине каршы Апелляциялык кеңешке аны алган күндөн тартып үч айлык мөөнөттүн ичинде каршылык билдирүү бере алат. Каршылык билдирүү Апелляциялык кеңеш тарабынан ал түшкөн күндөн тартып төрт айлык мөөнөттүн ичинде каралууга тийиш. Өтүнмө ээси Алелляциялык кеңештин чечимине макул болбогон кезде ал аны алган күндөн тартып алты айлык мөөнөттүн ичинде доо менен сотко кайрыла алат. Өтүнмө ээси калысбаанын чечиминде көрсөтүлгөн бардык материалдар менен таанышып чыгууга укуктуу. Өтүнмө ээси суранган патенттик материалдардын көчүрмөлөрүн Кыргызпатент суроо-талап алынган күндөн тартып бир айдын ичинде жөнөтөт. 23-2-статьянын он бешинчи бөлүгү жана ушул статьянын тогузунчу бөлүгү менен белгиленген мөөнөттөрдөн башка, 23-1, 23-2-статьялары жана ушул статьяда каралган өтүнмө ээси тарабынан өткөрүп жиберилген мөөнөттөр жүйөлүү себептер болсо жана алымдар төлөнсө, Кыргызпатент тарабынан кайра калыбына келтирилиши мүмкүн. Мөөнөттөрдү калыбына келтирүү жөнүндө расмий өтүнүчтү өтүнмө ээси өтүп кеткен мөөнөт бүткөн күндөн тартып он эки айдан кечиктирбестен бериши мүмкүн. Өтүнмө ээси жана үчүнчү жактар ойлоп табуунун патент жарамдуулугун техникалык деңгээли менен салыштырып баалоо аркылуу ишке ашыра турган техникалык деңгээлин аныктоо үчүн ойлоп табууга өтүнмө жагынан маалыматтык издөө өткөрүү жөнүндө өтүнүүгө укуктуу. Маалыматтык издөөнү өткөрүүнүн жана ал жөнүндө маалыматтарды берүүнүн тартибин Кыргызпатент аныктайт. (КР 2003-жылдын 27-февралындагы № 46, 2006-жылдын 6-декабрындагы № 200 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [23-2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/19/st-23-2)  
Кийинки берене: [25-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/19/st-25)
