Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
23-2-статья. Ойлоп табууга өтүнмөнү алдын ала калысбаадан өткөрүү
Күчүн жоготкон · 23.03.2023 редакциясы · V бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 23 марта 2023 года № 69.
Өтүнмөгө алдынала калысбаасын жүргүзүүдө Кыргызпатент оң жыйынтык формалдуу калысбаа бүткөн күндөн тартып он айдын ичинде өтүнмөнүн документтеринин мазмунуна карата белгиленген талаптардын аткарылышын, билдирилген ойлоп табуунун өтүнмө ээси берген материалдар боюнча патентке жарамдуулук шарттарына, мурун алынган артыкчылыктуу чакыртылып алынбаган өтүнмөлөргө, Кыргыз Республикасынын берилген коргоо документтеринин фондуна, ошондой эле жарыяланган евразиялык өтүнмөлөр менен патенттерге шайкештигин, ойлоп табуунун артыкчылыгын белгилейт, өтүнмөнүн ойлоп табуунун биримдиктүү талаптарына шайкештигин текшерет. Өтүнмө ээси тиешелүү алым төлөп жатып ойлоп табууга өтүнмө боюнча тездетилген алдын ала калысбаа өткөрүү жөнүндө өтүнүүгө укуктуу. Эгерде өтүнмө Кыргызпатентке берилген күндөн тартып он эки ай өткөнгө чейин же артыкчылык берүү суралса, артыкчылык берилген күндөн тартып патент берүү жөнүндө чечим кабыл алынган же патент берилген, бирок жогоруда аталган мөөнөттөн алда канча мурдараак артыкчылык суранган өтүнмө келип түшкөн учурда патент берүү жөнүндө чечим же берилген патент жокко чыгарылат. Эгерде өтүнмө ээси тарабынан ушул Мыйзамдын 22-статьясына ылайык кошумча материалдар берилсе алдын ала калысбаанын жүрүшүндө алар билдирилген ойлоп табуунун маани-мазмунун өзгөртүп жибербей тургандыгы текшерилет. Эгерде кошумча материалдарда өтүнмөнүн алгачкы материалдарында болбогон ойлоп табуунун формуласына киргизилүүгө тийиш болгон белгилер камтылса, билдирилген ойлоп табуунун маани-мазмунун өзгөртүп жиберет. Ойлоп табууга өтүнмөнүн маани-мазмунун өзгөртүү жагындагы кошумча материалдар кароо учурунда этибарга алынбайт жана өтүнмө ээси тарабынан өз алдынча өтүнмө катары жол-жоболоштурулушу мүмкүн. Биримдүүлүктүн талаптарын бузуу менен берилген өтүнмө боюнча өтүнмө ээсине сунуштардын кайсынысын кароо керектиги тууралу эки айлык мөөнөттүн ичинде кабарлап, өтүнмөдөгү тиешелүү документтерди тактоо жагы сунуш кылынат. Алгачкы өтүнмөнүн материалдарына кирген башка чечимдер өзүнчө бөлүнгөн өтүнмөлөр катары жол-жоболоштурулушу мүмкүн. Өтүнмө ээси ойлоп табуунун биримдүүлүгүнүн талаптарын бузгандыгы жөнүндө кабарлоо алган күндөн тартып эки айдын ичинде сунуштардын кайсынысын кароо керек экендигин билдирбеген жана такталган документтерди бербеген учурда формулада биринчи көрсөтүлгөн сунуш каралат. Алдын ала калысбаа жүргүзүү учурунда Кыргызпатент өтүнмө ээсинен ансыз калысбаа өткөрүүгө мүмкүн болбогон кошумча материалдарды талап кылууга акылуу. Калысбаанын суроо-талабы боюнча берилүүчү кошумча материалдар суроо-талапты алган күндөн тартып эки айлык мөөнөттө берилүүгө тийиш. Өтүнмө ээси белгиленген мөөнөттүн ичинде суралган материалдарды же белгиленген мөөнөттү узартуу жөнүндө расмий өтүнүч бербеген учурда өтүнмө чакыртып алынды деп эсептелинет. Эгерде өтүнмөнү маани-маңызы жагынан калысбаадан өткөрбөстөн патент берүү жөнүндө расмий өтүнүч болсо, алдын ала калысбаадан оң жыйынтык алган өтүнмөгө карап туруп патент берүү жөнүндө чечим чыгарылат жана мындай патент өтүнмө ээсинин жоопкерчилиги менен берилет. Алдынала жүргүзүлгөн калысбаа жыйынтыгы оң болгондо жана өтүнмөнүн маани-мазмуну боюнча негизги калысбаасын өткөрүү жөнүндө өтүнүч болсо, же аталган өтүнүч, же өтүнмөнүн маани-мазмуну боюнча калысбааны өткөрүүсүз патент берүү жөнүндө өтүнүч жок болсо, өтүнмө ээсине алдынала жүргүзүлгөн калысбаанын оң жыйынтыгы тууралу кабарландыруу жиберилет. Эгерде алдын ала калысбаанын жыйынтыгында билдирилген сунуш патентке жараксыз деп табылса, патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылат. Өтүнмө ээси патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө формалдуу же алдын ала калысбаанын чечимине каршы болсо, аны алган күндөн тартып эки айлык мөөнөттүн ичинде Апелляциялык кеңешке каршылык билдирүү бере алат. Каршылык билдирүү Апелляциялык кеңеш тарабынан ал келип түшкөн күндөн тартып эки айлык мөөнөттүн ичинде каралууга тийиш. Өтүнмө ээси Апелляциялык кеңештин чечимине макул болбосо, ал аны алган күндөн тартып алты айдын ичинде доо менен сотко кайрыла алат. Өтүнмө берилген күндөн тартып он сегиз ай өткөндөн кийин же, эгерде артыкчылык суралып жатса, артыкчылык берилген күндөн тартып, өтүнмө чакыртып алынган же ал боюнча патент берүү жөнүндө же патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылган мезгилден башка учурда Кыргызпатент расмий бюллетенде өтүнмө жөнүндөгү маалыматтарды жарыялайт. Жарыялануучу маалыматтардын тизмесин жана толуктугун Кыргызпатент аныктайт. Тиешелүү алым төлөнгөн болсо, өтүнмө ээсинин өтүнүчү боюнча Кыргызпатент өтүнмө берилген күндөн тартып же, эгерде артыкчылык суралса, артыкчылык берилген күндөн тартып он сегиз айдан мурдагы өтүнмө жөнүндө маалымат жарыялай алат. Алдын ала калысбаа бүткөндөн кийин өтүнмөнү маани-мазмуну жагынан алдын ала калысбаадан өткөрбөстөн патент берүү жөнүндө расмий өтүнүч келип түшкөндө патент берүү жөнүндө расмий чечим аталган расмий өтүнүч келип түшкөн күндөн тартып эки айдын ичинде чыгарылат. (КР 2003-жылдын 27-февралындагы № 46, 2006-жылдын 6-декабрындагы № 200 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 23.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/19/st-23-2" title="23-2-статья - Патент мыйзамы (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>