# 21-статья. Өнөр жай менчигинин объектинин артыкчылыгы

- Документ: [Патент мыйзамы](https://aqlex.ai/kg/doc/19)
- Документтеги орду: V бөлүм
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 14-январындагы № 8 "Патент мыйзамы" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 14.01.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 марта 2023 года № 69 "Патентный закон"](https://aqlex.ai/kg/doc/112545)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КРот 6 декабря 2006 года №200 "О внесении дополнений и изменений в Патентный закон Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1998)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.12.2006 [Закон КРот 6 декабря 2006 года №200 "О внесении дополнений и изменений в Патентный закон Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1998); 27.02.2003 [Закон КР от 27 февраля 2003 года № 46 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1170)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/19#diff=1240536..1240537>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-8/edition/1240534/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Патент мыйзамы, 21-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19/st-21

---

Ойлоп табуунун жана пайдалуу моделдин артыкчылыгы Кыргызпатентке төмөндөгүлөрдү камтыган өтүнмөнүн берилген күнүнө карата белгиленет:

1) ойлоп табууга, пайдалуу моделге патент берүү жөнүндө өтүнмө ээсин көрсөтүү менен берилген арыз;

2) ойлоп табуунун, пайдалуу моделдин сыпаттамасын же өтүнмөсү берилген ойлоп табуунун, пайдалуу моделдин бардык орчундуу белгилери камтылган сыпаттаманын бир бөлүгү, же аталган сыпаттаманын белгиси катары чиймеси, же ушул статьянын үчүнчү, алтынчы, жетинчи, сегизинчи жана онунчу бөлүктөрүндө каралган ар кандай түрдөгү мурда берилген өтүнмөгө шилтеме. Эгерде өтүнмөдө бул документтер жок болсо, билдирүү алган күндөн тартып аларды эки айдын ичинде тапшыруусу зарыл экендиги жөнүндө Кыргызпатент өтүнмө ээсине токтоосуз билдирет.

Өнөр жай үлгүсүнүн артыкчылыгы Кыргызпатентке төмөндөгүлөрдү камтыган өтүнмөнүн берилген күнүнө карата белгиленет:

1) өнөр жай үлгүсүнө патент берүү жөнүндө өтүнмө ээсин көрсөтүү менен берилген арызды;

2) буюмдун (макеттин) сүрөтүнүн комплектин, өнөр жай үлгүсүнүн орчундуу белгилеринин тизмесин. Эгерде өтүнмөдө бул документтер жок болсо, Кыргызпатент өтүнмө ээсине аларды билдирүү алган күндөн тартып эки айдын ичинде тапшырууга тийиш экендиги жөнүндө токтоосуз билдирет.

Эгерде ойлоп табууга, пайдалуу моделге өтүнмө Кыргызпатентке көрсөтүлгөн күндөн тартып он эки ай ичинде, ал эми өнөр жай үлгүсүнө алты ай ичинде келип түшсө, приоритет өнөр жай менчигин коргоо боюнча Париждик конвенциянын катышуучусу болгон мамлекетке биринчи өтүнмө берилген күн (конвенциялык приоритет) боюнча белгилениши мүмкүн. Бул мөөнөттү эсептегенде биринчи өтүнмө берилген күн кошулбайт. Эгерде өтүнмө ээсине байланыштуу болбогон жагдайлар боюнча конвенциялык приоритетти сураган өтүнмө көрсөтүлгөн мөөнөттө берилбей калса, бул мөөнөт узартылышы мүмкүн, бирок ал эки айдан ашпайт. Конвенциялык артыкчылык укугунан пайдаланууну каалаган өтүнмө ээси өтүнмөнү берген кезде же Кыргызпатентке өтүнмө берген күндөн тартып эки айдын ичинде аны көрсөтүүгө жана мурда берилген өтүнмөнүн көчүрмөсүн тиркөөгө же аны Кыргызпатентке өтүнмө түшкөн күндөн тартып төрт айдан кечикпестен берүүгө милдеттүү. Приоритет, эгерде кошумча материалдар өтүнмө ээси тарабынан өз алдынча өтүнмө катары толтуруунун, өтүнмө ээси билдирилген чечилиштин маңызын өзгөртүүчүлөр катары таанылгандыгына байланыштуу кошумча материалдарды көңүлгө алуунун мүмкүн эместиги жөнүндө Кыргызпатенттин билдирүүсүн алган күндөн тартып үч ай өткөнчө берилсе, кошумча материалдар берилген күн боюнча белгилениши мүмкүн. Приоритет, эгерде ушундай приоритетти сураган кийинки өтүнмөнүн күнү ойлоп табууга бир кыйла эртерээк берилген өтүнмөнүн күнүнөн он эки айдан кечикпесе жана пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө берилген өтүнмөдөн алты айдан ашпаса, ошол эле өтүнмө ээсинин ойлоп табууну, пайдалуу моделди, өнөр жай үлгүсүн ачып көрсөтүүчү, Кыргызпатентке бир кыйла эртерээк берилген өтүнмөсүнүн күнү боюнча аныкталышы мүмкүн. Мында бир кыйла эртерээк берилген өтүнмө кайра чакырылып алынган өтүнмө деп эсептелет. Приоритет бир нече эрте берилген өтүнмөлөрдүн негизинде, алардын ар бири үчүн көрсөтүлгөн шарттарды сактоо менен белгилениши мүмкүн. Приоритет, бир кыйла эртерээк приоритет суралган өтүнмөнүн берилген күнү боюнча белгилениши мүмкүн эмес. Өзүнчө бөлүнгөн өтүнмө боюнча өнөр жай менчигинин объектине приоритет, эгерде бөлүнүп берилген өтүнмө, эң алгачкы өтүнмө боюнча коргоо документин берүүдөн баш тартуу жөнүндө даттанууга мүмкүндүгү түгөнгөн чечим кабыл алганга чейин келип түшсө, ал эми көрсөтүлгөн өтүнмө боюнча коргоо документи берилген учурда - өнөр жай менчигинин объектиси Мамлекеттик реестрде катталган күнгө чейин келип түшсө, приоритет Кыргызпатентке бул өнөр жай менчигинин объектисин ачып көрсөтүүчү эң алгачкы өтүнмө келип түшкөн күн боюнча белгиленет. Эгерде экспертиза жүргүзүүдө өнөр жай менчигинин окшош объектилери приоритетти бир эле күндө алышканы аныкталса, анда коргоо документи Кыргызпатентке бир кыйла эртерээк жөнөтүлгөн күнү далилденген өтүнмө боюнча берилет, ал эми бул күндөр дал келгенде - Кыргызпатенттин эң алгачкы каттоо номерине ээ болгон өтүнмө боюнча берилет. (КР 2003-жылдын 27-февралындагы № 46, 2006-жылдын 6-декабрындагы № 200 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/19/st-20)  
Кийинки берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/19/st-22)
