Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
20-статья. Өнөр жай үлгүсүнө алдын ала патент, патент берүүгө өтүнмө
Күчүн жоготкон · 23.03.2023 редакциясы · V бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 23 марта 2023 года № 69.
Өнөр жай үлгүсүнө алдын ала патент же патент берүүгө өтүнмө (мындан ары - өнөр жай үлгүсүнө өтүнмө) бир өнөр жай үлгүсүнө же өнөр жай үлгүлөрүнүн биримдигин талап кылууну канааттандыруучу өз ара байланыштагы өнөр жай үлгүлөрүнүн тобуна таандык болууга тийиш. Өнөр жай үлгүсүнө өтүнмө төмөндөгүлөрдү:
1) өнөр жай үлгүсүнүн авторун (авторлорун) жана патент же алдын ала патент сурап жаткан жактын (жактардын), ошондой эле алардын жашаган жерин же турган жерин көрсөтүү менен патент же алдын ала патент берүү жөнүндөгү арызды;
2) буюмдун тышкы түспөлүн толук элестетүүчү буюмдун (макеттин) сүрөттөрүнүн тобун;
3) буюмдун жалпы көрүнүшүнүн чиймесин, эгерде алар өнөр жай үлгүсүнүн маңызын ачып көрсөтүү үчүн зарыл болсо, эргономикалык схемасын, конфекциялык картасын;
4) өнөр жай үлгүсүнүн сүрөттөмөсүн;
5) өнөр жай үлгүсүнүн олуттуу белгилеринин тизмесин камтууга тийиш.
Өнөр жай үлгүсүнө өтүнмөгө белгиленген өлчөмдө алым төлөнгөндүгүн же өтүнмө берүүгө алым төлөөдөн бошотуу үчүн, ошондой эле анын өлчөмүн азайтуу үчүн негиздерди ырастоочу документ тиркелет, ал өтүнмө берүү учурунда же кошумча алым төлөө шартында эки айдын ичинде берилиши мүмкүн. Көрсөтүлгөн документ белгиленген мөөнөттө берилбесе, анда өтүнмө кайтарылып алынган болуп эсептелинет. Кыргызпатентке өтүнмө бериле турган күн ушул Мыйзамдын 21-статьясынын биринчи бөлүгүнүн талаптарына ылайык приоритетти аныктоо үчүн зарыл болгон документтер келип түшкөн күн боюнча, ал эми көрсөтүлгөн документтер бир убакта берилбесе, анда эң акыркы документ келип түшкөн күн боюнча аныкталат. Өнөр жай үлгүсүнө өтүнмөнүн документтерине карата башка талаптар Кыргызпатент тарабынан белгиленет.
Берененин тексти 23.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/19/st-20" title="20-статья - Патент мыйзамы (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>