# 2-статья. Интеллектуалдык менчик жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы

- Документ: [Патент мыйзамы](https://aqlex.ai/kg/doc/19)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 14-январындагы № 8 "Патент мыйзамы" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 14.01.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 марта 2023 года № 69 "Патентный закон"](https://aqlex.ai/kg/doc/112545)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 мая 2018 года № 55 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам неналоговых доходов, внутреннего аудита и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111788)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 26.05.2018 [Закон КР от 26 мая 2018 года № 55 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам неналоговых доходов, внутреннего аудита и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111788); 27.02.2003 [Закон КР от 27 февраля 2003 года № 46 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1170)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/19#diff=1240539..1240540>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-8/edition/1240534/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Патент мыйзамы, 2-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19/st-2

---

Интеллектуалдык менчик жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (мындан ары - Кыргызпатент) ушул Мыйзамга ылайык өнөр жай менчигинин объекттерине өтүнмөлөрдү карап чыгууга кабыл алат, алар боюнча экспертиза, мамлекеттик каттоо жүргүзөт, патенттерин берет, өнөр жай менчигинин объекттери жөнүндө маалыматтарды расмий жарыялоону ишке ашырат, ушул Мыйзамды колдонуу боюнча түшүндүрмөлөрдү басып чыгарат жана ал жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү беките турган Жобого ылайык башка милдеттерди аткарат. Кыргызпатент Улуттук Патент фондуна жетекчиликти жүзөгө ашырат, аны сактоону жана сатып алуу жана эл аралык уюмдар жана чет өлкөлүк патент мекемелери менен алмашуу жолу аркылуу топтоону камсыз кылат. Өнөр жай менчигинин объекттерине укуктук коргоо берүү боюнча Кыргызпатенттин ишин өркүндөтүү максатында Кыргызпатенттин алдында Апелляциялык кеңеш түзүлөт, ал ушул Мыйзамга ылайык, өз компетенциясына жараша өнөр жай менчигинин объекттери боюнча келип чыккан талаш-тартыштарды териштирүү боюнча милдеттүү баштапкы орган болуп саналат. Каршы пикирлерди Апелляциялык кеңештин карап чыгышынын тартиби Кыргызпатент тарабынан белгиленет. Кыргызпатенттин ишин каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат. (КР 2003-жылдын 27-февралындагы № 46, 2018-жылдын 26-майындагы № 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/19/st-1)  
Кийинки берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/19/st-3)
