# 17-статья. Патенттерин берүүгө өтүнмө берүү

- Документ: [Патент мыйзамы](https://aqlex.ai/kg/doc/19)
- Документтеги орду: V бөлүм
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 14-январындагы № 8 "Патент мыйзамы" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 14.01.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 марта 2023 года № 69 "Патентный закон"](https://aqlex.ai/kg/doc/112545)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 27 февраля 2003 года № 46 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1170)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 27.02.2003 [Закон КР от 27 февраля 2003 года № 46 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1170); 25.07.2002 [Закон КР от 25 июля 2002 года №130 "О внесении изменений и дополнений в некоторые Законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1087)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/19#diff=1240535..1240536>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-8/edition/1240534/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Патент мыйзамы, 17-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19/st-17

---

Ушул Мыйзамдын 9-статьясына ылайык коргоо документин алууга укугу бар адам (мындан ары - өтүнмө ээси) тарабынан коргоо патентин берүүгө Кыргызпатентке өтүнмө берилет. Патентин берүү жөнүндөгү арыз мамлекеттик же расмий тилдеринде берилет. Ойлоп табуунун же пайдалуу моделдин формуласы, өнөр жай үлгүсүнүн маанилүү белгилеринин тизмеси, өнөр жай менчигинин объектисинин аталышы, өтүнмө ээсинин жана патент ээсинин аталышы (аты) мамлекеттик же расмий тилдеринде берилүүгө тийиш. Эгерде өтүнмөнүн башка документтери, ошондой эле өтүнмөнү экспертизадан өткөрүүдө көрсөтүлгөн документтер башка тилде берилсе, өтүнмөгө алардын мамлекеттик же расмий тилдериндеги котормосу тиркелет. Мамлекеттик же расмий тилиндеги котормо, өтүнмө Кыргызпатентке келип түшкөн күндөн тартып үч айдан кечиктирилбей өтүнмө ээси тарабынан берилиши керек. Көрсөтүлгөн материалдарды берүүнүн мөөнөтү бузулган учурда, жүйөлүү себептердин болгондугу жана тийиштүү алым төлөнгөнү ырасталса, өтүнмө ээсинин өтүнүч каты боюнча ал мөөнөт узартылышы же калыбына келтирилиши мүмкүн. Өтүнмө Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу берилиши мүмкүн. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жеке адамдар, же чет өлкөлүк юридикалык тараптар, же алардын патенттик ишенимдүү өкүлдөрү патенттериин алуу, ошондой эле өнөр жай менчигин коргоого байланышкан иштерди, өтүнмө берилген күндү белгилөөгө, алым төлөөгө, конвенциялык артыкчылык суралган учурда мурдагы өтүнмөнүн көчүрмөсүн берүүгө, мурда берилген өтүнмөнүн көчүрмөсүн тапшырууга, жогоруда аталган жол-жоболорго карата Кыргызпатенттин тилкаттарын жана билдирүүлөрүн алууга, патентти күчүндө сактагандыгы үчүн алым төлөөгө байланышкан жол-жоболордон бөлөктөрүн Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү өкүлдөр аркылуу жүргүзүшөт. Патенттик ишенимдүү өкүлдүн ыйгарым укуктары патентти суратып жаткан адам берген ишеним кат менен ырасталат. Кыргызпатент патенттик ишенимдүү өкүлдөрдү аттестациялоонун жана каттоонун тартибин аныктайт жана аны ишке ашырат. (КР 2002-жылдын 25-июлундагы № 130, 2003-жылдын 27-февралындагы № 46 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/19/st-16)  
Кийинки берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/19/st-18)
