15-статья. Өнөр жай менчигинин объектисин пайдаланууга укук берүү
Күчүн жоготкон · 23.03.2023 редакциясы · IV бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 23 марта 2023 года № 69.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 25 января 2013 года № 8
Патент ээси болуп саналбаган адамдардын кимиси болбосун, коргоо документи менен корголгон өнөр жай менчигинин объектисин лицензиялык келишимдин негизинде патент ээсинин уруксаты менен гана пайдаланууга акылуу. Лицензиялык келишим боюнча патент ээси (лицензия берүүчү) корголуучу объектини келишимде көрсөтүлгөн көлөмдө пайдалануу укугун башка жакка (лицензия алуучуга) берүүгө милдеттенет, ал эми лицензия алуучу лицензия берүүчүгө келишимде шартталган төлөмдөрдү берип турууга жана келишимде каралган башка аракеттерди ишке ашырууга милдеттенме алат. Бирден бир лицензия учурунда лицензия алуучуга келишимде белгиленген чектерде өнөр жай объектисин пайдаланууга бирден бир укук берилет, мында лицензия берүүчүнүн лицензия алуучуга берилбеген көлөмдө өнөр жай объектисин пайдалануу укугу сакталат. Бирден бир эмес лицензия учурунда лицензия берүүчү лицензия алуучуга өнөр жай менчигинин объектисин пайдалануу укугун берүү менен бирге патенттен келип чыккан бардык укуктарды, анын ичинде лицензияны үчүнчү жакка берүү укугун өзүнө сактап калат. Лицензия, лицензия берүүчү менен лицензия алуучунун ортосунда өз ара макулдашуу боюнча ушул статьяда көрсөтүлгөндөн айырмаланган жоболорду камтышы мүмкүн. Лицензиялык келишим, патентке болгон укуктун күрөөсү жөнүндө келишим алым төлөнгөн шартта Кыргызпатентте каттоодон өтүүгө тийиш, ансыз жараксыз деп эсептелинет. Лицензиялык келишим, патентке болгон укуктун күрөөсү жөнүндө келишим алар Кыргызпатентте каттоодон өткөн датадан тартып күчүнө кирет жана каттоо жөнүндө маалыматтар Кыргызпатенттин расмий бюллетенинде жарыяланат. Патент ээси Кыргызпатентке ар кандай адамга өнөр жай менчигинин объектисин келишимде көрсөтүлгөн шарттарда пайдалануу укугун берүү жөнүндө (ачык лицензия) арыз бере алат. Мындай учурда ошондой арыз жөнүндө Кыргызпатент маалыматтарды жарыялагандан кийинки жылдан баштап патентти күчүндө сактап туруу үчүн төлөм акы элүү процентке төмөндөйт. Ачык лицензияга укук берүү жөнүндө патент ээсинин арызы кайра чакырылып алынууга тийиш эмес. Келишим түзүүдөн баш тартуу жөнүндөгү, ошондой эле келишим түзүүнүн шарттары боюнча талаштар сотто каралат. (КР 2013-жылдын 25-январындагы № 8 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 23.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
15-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 25 января 2013 года № 8 "О внесении изменений и дополнений в Патентный закон Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
25.01.2013 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…көрсөтүлгөндөн айырмаланган жоболорду камтышы мүмкүн.
Лицензиялык кошулду: келишим, патентке болгон укуктун күрөөсү жөнүндө келишим кошулду: алым төлөнгөн шартта Кыргызпатентте каттоодон өтүүгө тийиш, ансыз жараксыз деп эсептелинет. Лицензиялык кошулду: келишим, патентке болгон укуктун күрөөсү жөнүндө келишим алынып салынды: аны кошулду: алар Кыргызпатентте алынып салынды: каттаган күндөн кошулду: каттоодон өткөн датадан тартып күчүнө кирет жана кошулду: каттоо жөнүндө маалыматтар Кыргызпатенттин расмий бюллетенинде жарыяланат.
Патент ээси … ошондой эле келишим түзүүнүн шарттары боюнча талаштар сотто каралат.
кошулду: (КР 2013-жылдын 25-январындагы № 8 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/19/st-15" title="15-статья - Патент мыйзамы (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>