# 14-статья. Мурда пайдалануу укугу жана убактылуу укуктук коргоо

- Документ: [Патент мыйзамы](https://aqlex.ai/kg/doc/19)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 14-январындагы № 8 "Патент мыйзамы" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 14.01.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 марта 2023 года № 69 "Патентный закон"](https://aqlex.ai/kg/doc/112545)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 27 февраля 2003 года № 46 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1170)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/19#diff=1240535..1240536>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-8/edition/1240534/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Патент мыйзамы, 14-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19/st-14

---

Өнөр жай менчигинин объектинин приоритеттик күнүнө чейин анын авторуна байланышпай Кыргыз Республикасынын аймагында өнөр жай менчигинин объектисине окшош чечилишти түзгөн жана пайдаланган же буга зарыл болгон даярдыкты жасаган ар кандай жеке адам же юридикалык жак аны андан ары көлөмүн кеңейтпестен мындай пайдалануу бекер пайдалануу укугун сактап калат. Мурда пайдалануу укугу жеке адамга же юридикалык жакка окшош чечилиш пайдаланылган же ага зарыл даярдыктар жасалган өндүрүш менен кошо гана өткөрүлүп берилиши мүмкүн. Өтүнмөсү берилген ойлоп табууга өтүнмө жөнүндө маалыматтар жарыяланган күндөн тартып патент берилгендиги жөнүндө маалыматтар жарыяланган күнгө чейин жарыяланган формуланын көлөмүндө убактылуу укуктук коргоо берилет, бирок ал берилген патентте камтылган формула менен аныкталган көлөмдөн ашпаган көлөмдө болот. Эгерде өтүнмө чакыртып алынса, же чакыртып алынды деп эсептелсе, же эгерде патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынса жана чечимге каршы даттануу мүмкүнчүлүгү калбай калса, убактылуу укуктук коргоо берилген эмес деп эсептелинет. Өтүнмөсү берилген ойлоп табууну ага убактылуу укуктук коргоо берилген мезгилдин ичинде пайдаланган жеке же юридикалык жак патент ээсине патент алгандан кийин акча компенсациясын төлөйт. Компенсациянын өлчөмү тараптардын макулдашуусу менен аныкталат. Ушул статьянын бешинчи бөлүгүнүн жоболору ошондой эле өнөр жай менчигин коргоо боюнча Париж конвенциясына катышкан мамлекеттердин аймагында расмий уюштурулган же расмий түрдө таанылган эл аралык көргөзмөдө өнөр жай менчигинин мындай объекттерин камтыган каражаттар жайгаштырылган күндөн тартып өнөр жай менчигинин объекттерине карата да колдонулат, бирок алар патент алууга өтүнмө Кыргызпатентке аталган күнгө чейин алты айдан кечикпей берилген шартта гана колдонулат. Өнөр жай менчигинин объектин артыкчылык алынган күндөн тартып пайдалана баштаган, бирок ойлоп табуунун патентине берилген өтүнмө жөнүндө маалыматтар, ошондой эле пайдалуу моделдер же өнөр жай үлгүлөрү каттоого алынгандыгы жөнүндө маалыматтар жарыяланган күнгө чейин баштаган адам өтүнмө ээсинин талабы боюнча аны андан ары пайдаланууну токтотууга милдеттүү. Бирок мындай адам мындай пайдалануунун натыйжасында өтүнмө ээси тарткан зыяндарды ага төлөп берүүгө милдеттүү эмес. Ушул статьянын 7-бөлүгүндө каралган өтүнмө ээсинин талаптары аткарылбаган учурда мыйзамды бузуучуга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык патент ээсинин укугун бузгандыгы үчүн жоопкерчилик каралган ченемдер колдонулат. (КР 2003-жылдын 27-февралындагы № 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/19/st-13)  
Кийинки берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/19/st-15)
