# 13-статья. Патент ээсинин бирден бир укугун бузуу катары таанылбай турган аракеттер

- Документ: [Патент мыйзамы](https://aqlex.ai/kg/doc/19)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 14-январындагы № 8 "Патент мыйзамы" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 14.01.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 марта 2023 года № 69 "Патентный закон"](https://aqlex.ai/kg/doc/112545)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 апреля 2015 года № 76 "О внесении изменений и дополнений в Патентный закон Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111119)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/19#diff=1240538..1240539>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-8/edition/1240534/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Патент мыйзамы, 13-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19/st-13

---

Төмөндөгүлөр:

1) көрсөтүлгөн каражаттар Кыргыз Республикасынын аймагында убактылуу же кокусунан турган жана транспорт каражатынын муктаждыгы үчүн пайдаланылган шартта алдын ала патенттер, патенттер же күбөлүктөр менен корголгон өнөр жай менчигинин объектилерин камтыган каражаттарды башка өлкөлөрдүн конструкцияларында же транспорт (деңиз, дарыя, аба, кургактагы жана космостук) каражаттарын эксплуатациялоодо колдонуу. Мындай аракеттер, эгерде транспорт каражаттары Кыргыз Республикасынын транспорт каражаттарынын ээлерине ушундай эле укуктарды берген өлкөлөрдүн жеке адамдарына же юридикалык жактарына таандык болсо, патент ээсинин бирден бир укугун бузуу деп таанылбайт;

2) өнөр жай менчигинин объектисин камтыган каражаттарга илимий изилдөө же эксперимент жүргүзүү;

3) мындай каражаттарды, кийин патент ээсине теңдеш сый акы төлөп берүү менен өзгөчө шарттарда (табигый кырсыктар, кыйроолор, ири авариялар, эпидемиялар) колдонуу;

4) эгерде бул каражаттар чарбалык жүгүртүүгө патент ээлери берген укуктарга ылайык мыйзамдуу жол менен киргизилсе, алдын ала патенттер, патенттер же күбөлүктөр менен корголгон өнөр жай менчигинин объектилери камтыган каражаттарды колдонуу патент ээсинин бирден бир укугун бузуу катары таанылбайт. Мында патент ээсинин уруксаты менен өнөр жай менчигинин патенттелген объектисин камтыган же патенттелген ыкманы колдонуу менен даярдалган каражатты алуучу киши, эгерде макулдашууда мындан башкача каралбаса, бул каражатты кошумча уруксат албай эле пайдаланууга жана тескөөгө укуктуу.

5) эгерде ойлоп табууну, пайдалуу моделди же өнөр жай үлгүлөрүн жеке, үй-бүлөлүк, үйдөгү же ишкердик иши менен байланышпаган башка таламдарды канааттандыруу үчүн пайдалануунун максаты пайда же киреше алуу болуп саналбаса, ушундай пайдалануу.

6) эгерде төмөнкүдөй продукт же бул буюм патент ээси же патент ээсинин уруксаты менен башка жактар тарабынан ар кандай өлкөнүн аймагына жарандык жүгүртүүгө мурда киргизилген болсо, ойлоп табуу же пайдалуу модель пайдаланылган продуктуну же болбосо өнөр жай үлгүлөрү пайдаланылган буюмду Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү, колдонуу, сатуу тууралуу сунуш кылуу, сатуу, продуктуну жарандык жүгүртүүгө башкача киргизүү же бул максаттар үчүн сактоо.

(КР 2015-жылдын 10-апрелиндеги № 76 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/19/st-12)  
Кийинки берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/19/st-14)
