# 12-статья. Патент ээсинин милдеттери жана мажбурлоо лицензиялары

- Документ: [Патент мыйзамы](https://aqlex.ai/kg/doc/19)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 14-январындагы № 8 "Патент мыйзамы" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 14.01.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 марта 2023 года № 69 "Патентный закон"](https://aqlex.ai/kg/doc/112545)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 апреля 2015 года № 76 "О внесении изменений и дополнений в Патентный закон Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111119)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/19#diff=1240538..1240539>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-8/edition/1240534/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Патент мыйзамы, 12-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19/st-12

---

Патент ээси же ага укугу өткөрүлүп берилген адамдар тарабынан коргоо документи берилген күндөн тартып үч жыл бою өнөр жай менчигинин объектиси пайдаланылбаса же жетишсиз пайдаланылса, бул товар жана кызмат көрсөтүү рыногуна тийиштүү товарларда жана тейлөө кызматтарын жетишсиз сунуштоого алып келсе, өнөр жай менчигинин корголуучу объектисин пайдаланууну каалаган жана ага даяр кандай гана адам болсун, патент ээси калыптанган тажрыйбага ылайык шарттарда лицензиялык келишим түзүүдөн баш тарткан учурда, көрсөтүлгөн объектини пайдаланууга мажбурлоо лицензиясын ага берүү жөнүндөгү доо менен сотко кайрылууга укугу бар. Эгерде патент ээси өнөр жай менчигинин объектисин пайдаланбоо же жетишсиз пайдалануу жүйөлүү себептер менен шартталганын далилдей албаса, сот пайдалануунун чегин, төлөмдөрдүн өлчөмүн, мөөнөтүн жана тартибин аныктоо менен көрсөтүлгөн лицензияны берет. Төлөмдөрдүн өлчөмү лицензиянын калыптанган тажрыйбага ылайык белгиленген баасынан төмөн белгиленбөөгө тийиш. Калыптанган тажрыйбага ылайык шарттарда лицензиялык келишимди түзүүдөн баш тарткан, башка бир ойлоп табууга алдын ала патенттин, патенттин же пайдалуу моделге күбөлүктүн ээсинин укуктарын бузбай туруп ойлоп табууну пайдалана албаган патент ээси, коргоо документи башка адамга таандык болгон, ойлоп табууга жана пайдалуу моделге карата анын ойлоп табуусу олуттуу экономикалык маанидеги техникалык маанилүү жетишкендикке жаткан шарттарда ойлоп табууну же пайдалуу моделди пайдаланууга ага мажбурлоо лицензиясын берүү жөнүндөгү доо менен сотко кайрыла алат. Көрсөтүлгөн лицензия сот тарабынан берилгенде патенттери башка адамга таандык болгон ойлоп табууну же пайдалануу моделди пайдалануунун чектери, мажбурлоо лицензиясын өзүнө берүүнү талап кылган, ойлоп табууну патенттеген адамдын пайдалануусу үчүн зарыл болгон көлөмдө аныкталышы, ошондой эле төлөмдөрдүн өлчөмү, мөөнөттөрү жана тартиби аныкталышы керек. Мында төлөмдөрдүн өлчөмү лицензиянын калыптанган тажрыйбага ылайык аныкталган баасынан төмөн белгиленбөөгө тийиш. Өзгөчө кырдаалдарда (табигый кырсыктар, кыйроолор, ири авариялар, эпидемиялар), ошондой эле улуттук коопсуздуктун кызыкчылыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү патент ээсине теңдеш сый акы төлөө менен мажбурлоо лицензиясын берүүгө укугу бар, мында өнөр жай менчигинин патенттелген объектисин пайдалануунун көлөмү жана узактыгы уруксат берилген максаттар менен чектелет. Мындай пайдалануудан келип чыккан талаштар сот аркылуу чечилет. Мажбурлоо лицензиясы дайыма жөнөкөй лицензия болуп саналат, аны башка бир адамга кайта өткөрүп берүүгө болбойт. (КР 2015-жылдын 10-апрелиндеги № 76 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/19/st-11)  
Кийинки берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/19/st-13)
