11-статья. Патент ээсинин укугу
Күчүн жоготкон · 23.03.2023 редакциясы · IV бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 23 марта 2023 года № 69.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 25 января 2013 года № 8
Патент ээсине өнөр жай менчигинин объекттерине бирден-бир укуктуулук, анын ичинде, эгерде мындай пайдалануу ушул Мыйзамга ылайык патент ээсинин бирден-бир укугун бузуу болуп саналбаган учурлардан бөлөктө, көрсөтүлгөн объекттерди башка адамдардын пайдалануусуна тыюу салуу укугу таандык. Өнөр жай менчигинин кайтарылуучу объектине болгон өзгөчө укук Кыргызпатент тарабынан чыгарылуучу расмий бюллетенде патент берүү тууралу маалыматтар жарыяланган күндөн тартып пайда болот. Коргоо документи бир нече адамга таандык болгон өнөр жай менчигинин объектисин пайдалануу боюнча өз ара мамилелер алардын ортосундагы макулдашуу менен аныкталат. Мындай макулдашуу жок болгон учурда алардын ар бири корголуучу объектти өзү каалагандай пайдалана алат, бирок ага өзгөчө лицензия берүүгө же калган патент ээлеринин макулдугусуз коргоо документин башка адамга өткөрүп берүүгө акысы жок. Бирден бир лицензия берүү же коргоо документин өткөрүп берүү жөнүндө патент ээлеринин ортосунда макулдашууга жетишилбеген учурда, өнөр жай менчигинин объектисине укукту бөлүштүрүү сот тартибинде чечилиши мүмкүн. Алдын ала патент, патент менен корголуучу ойлоп табууну, өнөр жай үлгүсүн, күбөлүк менен корголуучу пайдалуу моделди камтыган продуктуну даярдоо, колдонуу, алып келүү, сатууга сунуш кылуу, сатуу чарбалык жүгүртүүгө башкача киргизүү же ошол максатта сактоо, ошондой эле ойлоп табуунун алдын ала патенти, патенти менен корголуучу ыкманы колдонуу өнөр жай менчигинин объектисин пайдалануу деп таанылат. Өнөр жай менчигинин объектин пайдалануу деп патент менен корголгон өнөр жай менчигинин объекттери камтыган продуктуну даярдоо, колдонуу, ташып келүү, сатууга сунуш кылуу, сатуу, чарбалык жүгүртүүгө дагы башкача киргизүү же ушул максатта сактоо, ошондой эле ойлоп табуунун патенти менен корголгон ыкманы колдонуу таанылат. Эгерде продукт формуланын өз алдынча пунктунда келтирилген ойлоп табуунун, пайдалуу моделдин ар бир белгисин камтыса, же пайдалануу күнүнүн башталышына карата техниканын ушул тармагында ошондой сапатта белгилүү болгон ага барабар белгини камтыса бул продукт патент менен корголгон ойлоп табууну, пайдалуу моделди камтыган деп таанылат. Эгерде формуланын өз алдынча пунктунда келтирилген ойлоп табуунун ар бир белгиси колдонулса, же пайдалануу күнүнүн башталышына карата техниканын ушул тармагында ошондой сапатта белгилүү болгон ага барабар белги колдонулса ойлоп табуунун патенти менен корголгон ыкма пайдаланылды деп таанылат. Иштеткенде же эксплуатациялаганда өзүнүн милдетине ылайык ошол ыкманы автоматтык түрдө жүзөгө ашырган түзүлүштү чарбалык жүгүртүүгө киргизүү же ошол максатта сактоо да, алдын ала патент, патент менен корголгон ыкманы пайдалануу деп таанылат. Түздөн-түз ушул ыкма менен алынган продуктуну чарбалык жүгүртүүгө киргизүү же ушул максатта сактоо да продукт алуунун алдын ала патент, патент менен корголуучу ыкмасын пайдалануу деп таанылат. Мында жаңы продукт, тескерисинче далилдөө жок болсо патенттелген ыкма менен алынган деп эсептелинет. Продуктунун тажрыйба үлгүсүн жасоо, эксперимент иретинде текшерүү жана сыноо өнөр жай менчигинин объектисин пайдалануу деп таанылбайт. Патент ээси алган коргоо документин ар кандай жеке адамга жана юридикалык жакка өткөрүп бериши мүмкүн. Коргоо документин өткөрүп берүү жөнүндөгү келишим Кыргызпатентте каттоодон өтүүгө тийиш жана Кыргызпатенттин расмий бюллетенинде жарыяланат. Каттоодон өтпөгөн келишим жараксыз деп эсептелет. Патенттер жана аларды алуу укугу мурас боюнча өтөт. Өнөр жай менчигинин объектине патент менен ырасталган мүлктүк укуктар күрөө предмети боло алат. (КР 2003-жылдын 27-февралындагы № 46, 2013-жылдын 25-январындагы № 8 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 23.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 25 января 2013 года № 8 "О внесении изменений и дополнений в Патентный закон Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 27 февраля 2003 года № 46 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
25.01.2013 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…деп эсептелет.
Патенттер жана аларды алуу укугу мурас боюнча өтөт.
кошулду: Өнөр жай менчигинин объектине патент менен ырасталган мүлктүк укуктар күрөө предмети боло алат.
(КР 2003-жылдын 27-февралындагы № алынып салынды: 46 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 46, 2013-жылдын 25-январындагы № 8 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/19/st-11" title="11-статья - Патент мыйзамы (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>