# 10-статья. Автордун сыйлык акы алууга укугу

- Документ: [Патент мыйзамы](https://aqlex.ai/kg/doc/19)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 14-январындагы № 8 "Патент мыйзамы" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 14.01.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 марта 2023 года № 69 "Патентный закон"](https://aqlex.ai/kg/doc/112545)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-8/edition/1240534/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Патент мыйзамы, 10-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19/st-10

---

Коргоо документин алуу укугуна ээ болбогон автор жумуш берүүчүдөн алардын ортосундагы макулдашуунун негизинде аныкталган өлчөмдө жана шарттарда төлөнүүчү сыйлык акыны алууга укуктуу. Сыйлык акыны же компенсацияны төлөөнүн өлчөмү жана тартиби жөнүндө тараптар өз ара макулдашууга келе алышпаган учурда, талаш сот тартибинде каралат. Келишим менен белгиленген сыйлык акыны же компенсацияны өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн буга күнөөлүү жумуш берүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзам жоболоруна ылайык жоопко тартылат. Кызматкердин өнөр жай менчигинин объектисин жаратышына байланыштуу пайда болуучу башка мамилелер Кыргыз Республикасынын кызмат иретиндеги ойлоп табуулар, пайдалуу моделдер жана өнөр жай үлгүлөрү жөнүндөгү мыйзамдары менен жөнгө салынат.

---

Мурунку берене: [9-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/19/st-9-1)  
Кийинки берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/19/st-11)
