# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-ноябрындагы № 487-буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-ноябрындагы № 487-буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 487-р
- Кабыл алынган күнү: 23.11.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.05.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/18998>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-4267/edition/299074/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/18998.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.05.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-ноябрындагы № 487-буйругу (13.05.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/18998

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 23-ноябры № 487-б

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-майындагы №202

буйругуна ылайык)

Кыргыз Республикасынын жакыр үй-бүлөлөрүн рыноктон төмөнкү баада

ун менен камсыздоо максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып

алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин ал-

дындагы Мамлекеттик материалдык резервдер фонду:

- белгиленген тартипте 10 мињ тонна ун сатып алсын;

- жогоруда аталган унду сатып алууну "Мамлекеттик сатып алуулар

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүргүзсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети аталган унду

ташып келүүдө жана андан аркы берүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө

караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча

мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик материалдык резервдер

фондуна Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 246-статьясына ылайык

бажы төлөмдөрүн төлөөнү эки айлык мөөнөткө кийинкиге жылдырсын.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасы-

нын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резер-

вдер боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик материалдык резервдер

фондун "Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жонүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган каражаттын чегинде бажылык

толомдорду жана экспорттук пошлиналарды толоо учун каржылоону жургузсун.

4. Унду андан ары пайдалануу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2007-жылдын 9-октябрындагы № 379-б буйругуна ылайык транспорттук

чыгымдарды жана сактоо боюнча сарптоолорду эске алуу менен сатып алуу

баасында жүргүзүлөөрү белгиленсин.

5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө

жүктөлсүн.

Премьер-министринин

милдетин аткаруучу А.Атамбаев
