# (Азык-түлүк буудай данын мамлекеттик резервден брондон чыгаруу жөнүндө) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-октябрындагы № 379-б буйругу

- Толук аталышы: (Азык-түлүк буудай данын мамлекеттик резервден брондон чыгаруу жөнүндө) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-октябрындагы № 379-б буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 379
- Кабыл алынган күнү: 09.10.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.11.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/18984>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-4253/edition/299060/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/18984.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.11.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: (Азык-түлүк буудай данын мамлекеттик резервден брондон чыгаруу жөнүндө) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-октябрындагы № 379-б буйругу (09.11.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/18984

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 9-октябры № 379-б

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2007-жылдын 9-ноябрындагы № 462-б буйругунун:18982}

редакциясына ылайык)

Азык-түлүк буудай данына жана унга бааны төмөндөтүү боюнча Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү тарабынан көрүлгөн чараларга карабастан рыноктун

катышуучуларынын алып сатарлык иш-аракеттерине байланыштуу көрсөтүлгөн

азыктарга баанын кымбатташы сакталууда. Негизги тамак-аш азыктарына

баанын кескин өсүшү өлкөнүн жарандарынын жашоо дењгээлине, айрыкча же-

тишпеген үй-бүлөлөргө терс таасир тийгизүүдө. Өлкөдө 2006-жылдын аягын-

дагы абал боюнча 292,5 мињ жакыр үй-бүлө же 1 млн. 300 мињден ашуун

адам эсептелген.

Республиканын жетишпеген үй-бүлөлөрүн арзан ун менен камсыз кылуу

максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып

алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик:

- в установленном порядке произвести разбронирование из государст-

венного резерва и переработать в муку 21 тысячу тонн зерна продовольст-

венной пшеницы производства Республики Казахстан;

- бир үй-бүлөгө 50 кг ун эсебинде Кыргыз Республикасынын Эмгек жа-

на социалдык өнүктүрүү министрлигинин разнарядкасы боюнча унду район-

дордун мамлекеттик администрацияларына жана Бишкек жана Ош шаарларынын

мэрияларына жеткирүүнү камсыз кылсын;

- ушул буйрукка ылайык унду жеткирүү үчүн бир булактан алуу ыкма-

сында транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууну ишке

ашырсын;

- түшкөн акча каражаттарына "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык үчүнчү класстан төмөн болбогон

базистик кондициялардагы азык-түлүк буудай данын мамлекеттик резервге

сактоого койсун.

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-ноябрындагы №

462-б буйругунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы сая-

сат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик ун салын-

ган мүшөктөрдү жана райондук борборлорго жана Бишкек менен Ош шаарлары-

нын мэрияларына чейинки транспорттук чыгымдарды эске алуу менен ушул

буйрукка ылайык сатылуучу унга өздүк наркынын дењгээлиндеги бааны бел-

гилесин.

3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министр-

лиги жетишпеген үй-бүлөлөрдүн тизмесин тактасын жана аларды Кыргыз Рес-

публикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материал-

дык резервдер боюнча мамлекеттик агенттикке, облустар менен райондордун

мамлекеттик администрацияларына, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына

берсин.

4. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министр-

лигинин разнарядкасы боюнча гана унду бөлүштүрүү жана берүү боюнча

жоопкерчилик облустар менен райондордун мамлекеттик администрациялары-

на, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына жүктөлсүн.

5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жана экономика, соода,

туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр А.Атамбаев
