Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (имараттарды өткөрүп берүү жөнүндө) Буйругу
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 19-октябры № 409-б
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
Кыргыз мамлекеттик юридика академиясынын прокуратура органдары ме-
нен бирдикте билим берүүчү жана илимий-практикалык конференцияларды,
"тегерек столдорду", семинарларды өткөрүү үчүн шарттарды уюштурууга,
алардын кызматташтыгын чыњдоого көмөктөшүү, ошондой эле мамлекеттик
менчикти оптималдуу пайдаланууну камсыз кылуу максатында:
1. Ысыккөл облусунун Ысыккөл районунун Чоктал айылында жайгашкан,
мурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-июнундагы № 305-б
буйругуна ылайык Кыргыз мамлекеттик юридика академиясынын балансына өт-
көрүп берилген "Ак-Куу" ден соолукту чыњдоо балдар комплексинин эки ка-
баттуу №№ 4, 5, 6 жатак корпустары; №№ 1 жана 5 коттедждери жана мей-
манканасынын имараты Кыргыз мамлекеттик юридика академиясынын балансы-
нан Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын балансына өткөрүп бе-
рилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-
лекеттик комитети ушул буйруктун 1-пунктунда аталган мүлктү кабыл
алып-өкөрүп берүүнү белгиленген тартипте камсыздасын.
3. "Ак-Куу" ден соолукту чыњдоо балдар комплекси Кыргыз мамлекет-
тик юридика академиясынын "Дельфин" спорттук-ден соолукту чыњдоо лагери
болуп кайра аталсын.
4. Кыргыз мамлекеттик юридика академиясына "Дельфин" спорттук-ден
соолукту чыњдоо лагерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган
талаптарга ылайык өздүк каражаттарынын эсебинен реконструкциялоого жана
капиталдык ремонт жүргүзүүгө уруксат берилсин.
5. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жана Кыргыз мамле-
кеттик юридика академиясына зарыл учурда ушул буйруктан келип чыккан
сунуштарды киргизүү сунушталсын.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөл-
сүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-июнундагы № 305-б буйругуРаспоряжение · 08.06.2006 · № 305