# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы № 295-б Буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы № 295-б Буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 295
- Кабыл алынган күнү: 24.08.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.12.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/18942>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-4211/edition/531656/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/18942.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы № 295-б Буйругу (29.12.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/18942

---

КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-декабрындагы № 695-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 24-августу № 295-б

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ

"Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республика-

сынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын администрация-

лык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-атка-

руу кодексине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү

соттор жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө", "Кыл-

мыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды

камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө", "Мунапыс берүүнүн жа-

на ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын

Жазык-процесстик кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" жана "Кыргыз

Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыр-

гыз Республикасынын Мыйзамдарына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү

тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-статьясына ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинен кылмыш-жаза

инспекцияларын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин карамагына

өткөрүп берүү боюнча өкмөттүк комиссия (мындан ары - Өкмөттүк комиссия)

№ 1 тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинен кылмыш-жаза

инспекцияларын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин карамагына

өткөрүп берүү боюнча иш-чаралар планы № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Өкмөттүк комиссия:

- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинен кылмыш-жаза ин-

спекцияларын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин карамагына

өткөрүп берүү боюнча иш-чаралар комплексин 2007-жылдын 14-сентябрына

чейин ишке ашырсын;

- кылмыш-жаза инспекцияларын өнүктүрүү концепциясын 2007-жылдын

1-октябрына чейин иштеп чыксын жана аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө

белгиленген тартипте киргизсин;

- бул буйруктан келип чыккан уюштуруу, материалдык-техникалык жана

башка маселелерин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз

Республикасынын Юстиция министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Ички

иштер министрлиги менен бирдикте чечсин.

Премьер-министр А.Атамбаев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2007-жылдын 24-августундагы

№ 295-б буйругуна

№ 1 тиркеме

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинен

кылмыш-жаза инспекцияларын Кыргыз Республикасынын Юстиция

министрлигинин карамагына өткөрүп берүү боюнча өкмөттүк

КОМИССИЯНЫН КУРАМЫ

Нур уулу Досбол - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри,

комиссиянын төрагасы;

Кайыпов М.Т. - Кыргыз Республикасынын юстиция министри.

Комиссия мүчөлөрү:

Асангулов К.К. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун

басары;

Зубов С.И. - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун

басары;

Мамбеталиев М.К. - Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык

өнүктүрүү министрлигинин статс-катчысы;

Субанов Т.У. - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин

орун басары;

Макаров А.М. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү баш-

каруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы-

нын орун басары;

Чолушев К.Т. - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин

Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын началь-

ниги;

Жаманкулов М.Т. - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин

кылмыш-жазык системасынын реформалоо башкарма-

лыгынын начальниги;

Ибраимов К.А. - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги-

нин коомдук коопсуздук башкармалыгынын началь-

ниги;

Клименко И.П. - Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри;

Мадалиев А.А. - Баткен облусунун мамлекеттик администрация баш-

чысынын биринчи орун басары;

Алышбаев К.К. - Ысыккөл облусунун мамлекеттик администрация

башчысынын биринчи орун басары;

Абдыгазиев И.А. - Нарын облусунун мамлекеттик администрация баш-

чысынын биринчи орун басары;

Карабаев А.Д. - Талас облусунун мамлекеттик администрация баш-

чысынын биринчи орун басары;

Султаналиев Т.О. - Чүй облусунун мамлекеттик администрация башчы-

сынын биринчи орун басары;

Курбанов Ж.К. - Жалалабат облусунун мамлекеттик администрация

башчысынын орун басары;

Бүргөев Б.Б. - Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысы-

нын орун басары.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппарат жетекчиси - министр М.Исмаилов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2007-жылдын 24-августундагы

№ 295-б буйругуна

№ 2 тиркеме

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинен

кылмыш-жаза инспекцияларын Кыргыз Республикасынын

Юстиция министрлигинин карамагына өткөрүп берүү боюнча

ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ

| № | Иш-чаралардын мазмуну | Жооптуу | Аткаруу | Ишке ашыруу |
| --- | --- | --- | --- | --- |
|  |  | аткаруучулар | мөөнөттөрү | формасы |
| 1 | Кыргыз Республикасынын Ички | Юстмин, ИИМ, | 2007-жылдын | Кабыл |
|  | иштер министрлигинен | Маммүлкком | 14-сентябры | алуу-өткөрүп |
|  | кылмыш-жаза инспекцияларын |  |  | берүү |
|  | Кыргыз Республикасынын |  |  | актысы |
|  | Юстиция министрлигинин |  |  |  |
|  | карамагына кабыл алуу- |  |  |  |
|  | өткөрүп берүү актыларын |  |  |  |
|  | түзүү менен 2002-жылдын |  |  |  |
|  | 1-январына карата абалы |  |  |  |
|  | боюнча бардык мүлкү жана |  |  |  |
|  | штаттык бирдиктери менен |  |  |  |
|  | кабыл алуу-өткөрүп берүүнү |  |  |  |
|  | жүргүзүү |  |  |  |
| 2 | "Кыргыз Республикасынын | Юстмин, ИИМ | 2007-жылдын | Өкмөттүн |
|  | Ички иштер министрлигинен |  | 1-октябры | токтому |
|  | кылмыш-жаза инспекцияларын |  |  |  |
|  | Кыргыз Республикасынын |  |  |  |
|  | Юстиция министрлигинин |  |  |  |
|  | карамагына өткөрүп берүү |  |  |  |
|  | жөнүндө" Кыргыз |  |  |  |
|  | Республикасынын Өкмөтүнүн |  |  |  |
|  | токтомунун долбоорун |  |  |  |
|  | даярдоо жана Кыргыз |  |  |  |
|  | Республикасынын Өкмөтүнө |  |  |  |
|  | киргизүү |  |  |  |
| 3 | "Кыргыз Республикасынын | Юстмин | 2007-жылдын | Өкмөттүн |
|  | Юстиция министрлигинин |  | 22-октябры | токтому |
|  | кылмыш-жаза инспекциялары |  |  |  |
|  | жөнүндө жобону бекитүү |  |  |  |
|  | тууралуу" Кыргыз |  |  |  |
|  | Республикасынын Өкмөтүнүн |  |  |  |
|  | токтомунун долбоорун |  |  |  |
|  | даярдоо |  |  |  |
| 4 | Кызмат кабинеттерин, | Юстмин, ИИМ | 2007-жылдын | Юстмин жана |
|  | информациялык маалыматтар |  | 1-октябры | ИИМдин |
|  | базасын жана архивдерди |  |  | биргелешкен |
|  | биргелешип пайдалануу |  |  | буйругу |
|  | тартиби жөнүндө маселени |  |  |  |
|  | чечүү |  |  |  |
| 5 | Кылмыш-жаза инспекцияларын | Финмин, | 2007-жылдын | Өкмөттүн |
|  | Кыргыз Республикасынын | Юстмин, ИИМ | 1-октябры | токтому |
|  | Юстиция министрлигинин |  |  |  |
|  | карамагына өткөрүп берүүгө |  |  |  |
|  | байланышкан финансылык |  |  |  |
|  | чыгымдардын өлчөмүн |  |  |  |
|  | аныктоо, Кыргыз |  |  |  |
|  | Республикасынын Өкмөтүнүн |  |  |  |
|  | чечиминин долбоорун |  |  |  |
|  | даярдоо |  |  |  |
| 6 | Кылмыш-жаза инспекцияларын | Юстмин | 2007-жылдын | Өкмөттүн |
|  | өнүктүрүү концепциясын |  | 1-октябры | токтому |
|  | иштеп чыгаруу жана аны |  |  |  |
|  | Кыргыз Республикасынын |  |  |  |
|  | Өкмөтүнө белгиленген |  |  |  |
|  | тартипте киргизүү |  |  |  |

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппарат жетекчиси - министр М.Исмаилов
