# Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2007-жылдын 21-августундагы № 398 буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2007-жылдын 21-августундагы № 398 буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 398
- Кабыл алынган күнү: 21.08.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.08.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/18927>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-4196/edition/299002/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/18927.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.08.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2007-жылдын 21-августундагы № 398 буйругу (21.08.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/18927

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 21-августу № 398

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИНИН БУЙРУГУ

"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин маселелери"

жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 28-мартындагы № 88

токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы коми-

тети жөнүндө жобого жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мам-

лекеттик бажы инспекциясы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы коми-

тетине өзгөртүп кайра түзүлгөндүгүнө ылайык:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2005-жылдын 6-августун-

дагы № 336 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инс-

пекциясы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комите-

ти" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- "2005-жылдын 27-апрелиндеги № 168" деген сөздөр жана цифралар

"2007-жылдын 28-мартындагы № 88" деген сөздөргө жана цифраларга алмаш-

тырылсын;

- бул буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ка-

раштуу Мамлекеттик бажы инспекциясынын коллегиясы жөнүндө жободо:

преамбуладагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 27-ап-

релиндеги № 168 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтү-

нө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясы жөнүндө жобого ылайык иштелип

чыккан" деген сөздөр алып салынсын;

- бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасы-

нын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясы" деген сөздөр тие-

шелүү жөндөмөлөрдө "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети"

деген сөздөргө алмаштырылсын; түрдүү жөндөмөлөрдөгү "директор" деген

сөз тиешелүү жөндөмөлөрдө "төрага" деген сөзгө алмаштырылсын; "МБИ"

аббревиатурасы "МБК" аббревиатурасына алмаштырылсын.
